Кыргызстан менен Орусиянын аба каттамдарына киргизилген чектөө билеттердин кымбатташына алып келди

Кыргыз тарап Орусия менен болгон аба жана темир жол каттамдарын калыбына келтирүү үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен алардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгууну өтүнөт. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин менен Москвада жолукканда айтты.

Мамытов учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канаттандырбай жатканын белгиледи.

«Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта учууларды жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир жаралууда», — деди Мамытов.

Жогорку Кеңештин төрагасынын Москвага болгон иш-сапары  6-декабрдан 8-декабрга чейин уланат.

Жакында эле Кыргызстан бардык чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө уруксат берди. Болгону чет элдиктердин жанында коронавирус илдетин жукпаганын тастыктаган ПЦР-тесттин жыйынтыгы болушу керек.