Кыргыз өкмөтү чет элдиктердин келүүсүнө салынган чектөөнү алды

Өкмөт чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдардын аэропорт аркылуу өлкөгө кирүүсүн жандандырды. Бул тууралуу 4-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мурда Кыргызстанга өлкөнүн ЖОЖдорунда билим алып жаткан, дарыланууга келген жана жакын туугандарынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келе жаткан чет элдик жарандардын гана кирүүсүнө уруксат бар болчу.

Ведомствонун маалыматына караганда, эми Кыргызстанда үзгүлтүксүз авиакаттамдар иштеп баштайт.

Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө кирүү үчүн акыркы үч сутка ичинде текшерилген ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ошондой эле самолеттун салонундагы жүргүнчүлөрдүн бардыгынын дене табы текшерилет.

«ПЦР-тесттин мөөнөтү (72 саат) учуунун узактыгы же авикаттамдын кармалышына байланышкан объективдүү себептерден улам өтүп кеткен болсо, чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар келип түшкөн аймактан ПЦР-тест тапшырууга милдеттүү», — деп ТИМ белгиледи.

Ошондой эле, бийлик 2021-жылдын 10-январында өтүүчү кезексиз президенттик шайлоого байкоочу катары келе жаткан чет элдик жарандарга өлкөгө кирүүгө уруксат берген.

Кыргызстандын бийлиги 2020-жылдын март айында, өлкөдө COVID-19 жугузган алгачкы учурлар катталгандан тартып чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салган. Коронавирус илдетинен улам дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү чек араларын жапкан. Бирок ооруу жуктурган учурлар азайганда акырындап чек аралар ачыла баштаган.

7-декабрга карата Кыргызстанда COVID-19 жуктурган 75 395 учур катталган. Алардын ичинен 67 400 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавиурстан 1 297 адам көз жумганын билдирди.