Өлкөдө марттан бери COVID-19дан кош бойлуу 28 аял каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган кош бойлуу 28 аял көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын акушер-гинекологдор бирикмесинин төрагасы Арсен Аскеров «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында март айынан бери эки миңге жакын кош бойлуу аялга коронавирус жуккан. Алардын 800дөйү стационарда, ал эми калгандары амбулатордук түрдө үйдөн дарыланган.

«Кош бойлуу кезде вирус жугузуу өтө опурталдуу болуп жатат. Боюнда бар аялдарга антикоагулянттык жана антибиотик менен дарыланууну ишке ашыруудабыз», — деп кошумчалады Аскеров.

Өлкөдө жалпысынан илдетти жуктургандардын саны 75 690ду түздү — анын 67 873ү илдеттен айыгып, 1 301 киши каза болду.

Алгач, 18-августта COVID-19дан каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен болчу. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан. Министрлик мындай кадамын мурда коронавирустан каза болду деп эсепке алынгандар башка себептерден улам каза болгону менен түшүндүргөн.