Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламент менен президентке мамлекеттик бюджеттен жылына канча каражат сарпталары тууралуу видео жарыялады. «Клооп» эл өкүлүнүн видеосундагы урунттуу учурларын баяндап берет.

«120 депутат жана Жогорку Кеңештин 800 кызматкерине 713 млн сом коротулат. Кандай болгон күндө да, 2021-жылдын бюджетинде ушинтип жазылган», — дейт Бекешев.

Депутат парламент менен президенттин чыгымдарын салыштырган. Анын пикиринде, президент үчүн эле мамлекеттик бюджеттен өтө эле көп акча жумшалат.

Бекешевдин айтымында, өлкө башчысын тейлөө үчүн Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы жылына 662,2 млн сом жумшайт.

«Бул президенттин тамак-ашын даярдаган, зарыл нерселерин сатып келген, керектөөлөрүн камсыздаган адамдар. Бул анын эс алуусун уюштурган, өздөрү айткандай, кайсыл бир жумушту камсыздаган адамдар», — деп түшүндүрдү депутат.

Ошондой эле ал президенттин Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында үч резиденциясы бар экенин белгиледи.

Бекешевдин айтымында, президенттин аппаратына жылына 151,3 млн сом сарпталат. Депутаттын маалыматы боюнча, ал аппаратта жарандардын каттарын окуган, аларга президенттин атынан жооп берген, ар кандай грамоталарды бастырып чыгарган жана дагы башка тапшырмаларды аткарган адамдар иштейт.

Ушул эле суммага президенттин өзүнүн эмгек акысы кирет — ал айына 53 миң сом алат. Бекешев президенттин архивине эле дээрлик сегиз млн сом кетерин кошумчалады.

Жыйынтыгында мунун баарына мамлекеттик казынадан 822 млн сом сарпталат.


«Бир президентке эле коротула турган чыгымдардын баарын кошсок, парламенттик-президенттик өлкөдө бир гана президент 120 депутатка караганда 107 млн сомго көбүрөөк короткон болуп чыгат», — деп эсептейт Бекешев.


Дастан Бекешев парламенттик башкаруу формасын жактайт. Депутат 2-декабрда президенттикке талапкер, президенттик башкарууну жактаган Садыр Жапаров менен жолуккан. Бекешевдин айтымында, сүйлөшүүдөн кийин деле эки саясатчы өз пикиринде калган.

Андан тышкары, мамлекеттик бюджеттен экс-президенттер жана алардын үй-бүлөсү камсыздалат. Мыйзамга ылайык, мурдагы өлкө башчылары президенттин айлыгынын 75% өлчөмүндөгү төлөмдү өмүрү өткөнчө алууга укуктуу. Бул төлөмдүн көлөмү «негизги» президенттин айлыгынын жогорулап же төмөндөшүнө жараша өзгөрүп турат.

Муну менен катар, экс-президенттер жана алардын үй-бүлөсү мамлекеттик күзөт кызматы, медициналык тейлөө жана мамлекеттик дачанын бирөөсүн өмүр бою пайдалана алышат. Турак-жайды тейлөө, транспорт каражаттары жана башка кызматтар мамлекет тарабынан төлөнөт. Экс-президенттин көзү өтүп кетсе үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан экс-президенттин пенсиясынын алты жолку өлчөмүнө барабар сумманы ай сайын төлөп турат.