«Ачык-айрым болду». Депутат Бекешев Садыр Жапаров менен эмнелерди сүйлөштү?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолукканы тууралуу фейсбук барагында билдирди. Жапаров 5-октябрдагы башаламандыктар учурунда тарапташтарынын жардамы менен абактан бошотулуп чыгып, премьер-министрлик кызматка келген, ал андан кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп, учурда ыйгарым укуктарын тапшырып президенттик шайлоого аттанууда.

Бекешевдин айтымында, жолугушуу «конструктивдүү жана позитивдүү нукта» өтүп, маектештер акыркы саясий окуялардан тышкары, «2012-жылдагы окуяларды да» талкуулашкан.

Башкаруу формасы жана хандык тууралуу

Депутат башкаруу формасына байланыштуу маселеде Жапаров менен бир пикирге келе албаганын, «ар бири өз оюнда калганын» айтты. Анткен менен Жапаров депутаттын кыргызстандыктар партиялардын тизмесинде талапкерлер үчүн добуш бере алмак деген оюна макул болгон.

«Бизде боло элек парламентризм жөнүндө, бирок өлкөдө аны курса болоорун сүйлөштүк. Парламенттик башкаруу формасында премьер-министрди жооптуу кылып, ага миллион ыйгарымдарды берип койсо болот.

Жапаров президенттик башкаруу формасынын пайдасына өз аргументтерин келтирди. Анын пикиринде, партиялар азырынча толук кандуу жоопкерчилик алууга даяр эмес жана болуп өткөн окуялар партия — бул эл кызыкчылыгын көздөө эмес эле чоң бизнес экенин көрсөткөн», — деп белгиледи ал.

Бекешевдин президенттик башкаруу формасында бийлик узурпацияга туш болот, ал үчүн Конституциянын жаңы долбоорунда жылчык берилген деген чочулоосуна да жооп табылган.

«Президенттик башкаруу формасы болсо, биз кезектеги революцияны күтүү менен жашап калышыбыз мүмкүн деген оюмду айттым. Жапаров хандык же диктатордук башкаруу болушун, балдары тоталитардык өлкөдө жашоону каалабасын айтты. Бирок анын реформа өткөрүү каалоосу чоң экен, андай реформаны парламенттик башкаруу формасы болгондо ишке ашыруу кыйынга турат», — деп келтирди депутат Жапаровдун оюн.

Бекешев Жапаров «акча таратуусуз жана административдик ресурс колдонуусуз таза президенттик шайлоо» өткөрүүнү убадалаганын айтты. Депутаттын айтымында, ал «азырынча басым кылуу тууралуу, “керектүү” шайлоочулардын тизмесин мажбурлап түзүү жана акча таратуу боюнча» уга элек.

Конституцияны реформалоо жана ачык сүйлөшүү жөнүндө

Депутат белгилегендей, коом Конституциянын жаңы долбоорунан айынан экиге бөлүнүп калды деген пикирди Жапаров колдогон эмес.

«Садыр Жапаров бардык сунуштарды Конституциялык кеңешке берсе болорун жана эгер алар өлкөбүзгө пайда алып келсе, анда алар Конституцияга киргизилерин айтты. Конституциялык кеңешме президенттик шайлоодон кийин да иштей берет. Бирок, анын ою боюнча, эл башкаруу формасын жана парламент түзүлө турган ыкманы аныктап алышы керек», — деп жазды Бекешев.

Жалпы айтканда Жапаровдо жолугушуу жакшы таасир калтырган.

«Максатыбыз бирдей экен деген пикирге токтолдук — өлкөнү өнүктүрүү, бирок көз караштар ар башка. Көз караштар ар башка болгону жаңжалга алып келбеши керек. Ар бир жерден ымалага келсе болот. Менде Жапаров мени менен сүйлөшүп жатканда ачык-айрым болду деген таасир калды», — деп жыйынтыктады Бекешев.

2012-жылдагы окуялар жөнүндө

Бекешев Кыргызстанда 2012-жылы болгон окуялардын кайсынысын Жапаров менен талкуулаганын тактап жазган жок. Бирок, бул жылы Садыр Жапаров тарапташтары жана «Ата-Журттагы» партиялаштары (Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов) менен «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митинг учурунда Ак үйдүн тосмосун штурмга ала башташканы белгилүү.

Андан соң Жапаров бийликти күч менен басып алуу ишинде камакка алынып, алгач соттолуп, андан кийин Ташиев жана Мамытов менен бирге акталган, ошол эле учурда бир нече фигурант темир тор артында калган.

5-октябрда өткөн окуялардан кийин Жогорку сот өтүнмөнү кабыл алып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча иштин фигуранттарынын баарын актаган. Учурда Талант Мамытов парламенттин спикери катары Жапаровдун ыйгарымдарын убактылуу алып, учурда ал президенттин м.а. Ал эми Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.