АКШ Райымбек Матраимовду санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизди

АКШнын Каржы министрлиги 9-декабрда Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизди.

«Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажы схемасына катышкан, ал схема аркылуу Кыргыз Республикасынан кеминде 700 млн АКШ доллардын изи жашырылган», — деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин сайтында.

Матраимовго карата учурда кандай санкциялар колдонулары азырынча белгисиз, бирок буга чейин алардын ичинде АКШга кирүүгө визалык чектөө, жада калса Американын банктарынан финактивдерди бөгөттөө чаралары дагы болгон.

«Матраимов жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик келишимдер же кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан жемкорлук, паракорчулук менен же түз, же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу, же катыштыгы бар учурдагы же мурдагы мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран катары көрсөтүлдү», — деп сүрөттөйт таасирдүү экс-аткаминерди АКШнын Каржы министрлиги.

Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.

Алгач тизмеге Магнитскийдин өлүмүнө же иликтөөгө кандайдыр бир тиешеси бар орусиялык 60 аткаминер киргизилген. Кийинчерээк тизмеге коррупция жана кылмыштарга байланышы бар ар башка өлкөлөрдүн адамдары дагы киргизиле баштаган.

Мисалы, Райымбек Матраимов менен кошо тизмеге макаолук кылмышкер Ван Куок Кои жана либериялык саясатчы Варни Шерман киргизилген.Райымбек Матраимовду санкциялык тизмеге киргизүүгө 2012-жылы кабыл алынган Магнитский мыйзамы жол берет. Ага ылайык, АКШнын мамкатчысы Конгресс менен макулдашпастан эле кандай гана коррупционерлер болбосун аларды санкциялык тизмеге киргизе алат. Тизме жыл сайын жаңы ысымдар менен толукталып турат.

«Матраимов өзүнүн мурдагы кыргыз бажы кызматындагы орун басарлык кызматын пайдаланып, бажы схемасына катышуунун жыйынтыгында жүз миллиондогон долларларды тапкан», — деп билдирет АКШнын Финансы министрлиги.

Мурдараак, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу журналисттерди кесипкөйлүгү үчүн куттуктап жатып Райымбек Матраимов тууралуу айтып өткөн. Анын айтымында, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери өлкөдөгү коррупциялык схемаларды ачыктай баштаган. Ал уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш боюнча жетишсиз кадамдары үчүн Кыргызстандын бийлигин сындап, Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаевдин кармалышы башталышы гана болушу керек деп билдирген.

Кыргызстандын ТИМи анын билдирүүсүн «өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнүн элементтери жана тергөөгө басым кылуу» деп атаган болчу.

Райымбек Матраимов

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.