«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары анын «Магнитский тизмесине» киргизилиши боюнча үн катышты.

Журналист Элнура Алканова Матраимовго карата санкцияларды «геосаясаттын башталышы жана АКШ, Орусия жана Кытайдын ортосундагы идеологиялык кармаш» деп атады.

Контекст: Алканова —«Клооп» жана «Азаттыктын» мурдагы журналисти, «Фергана», OCCRP жана «Бешинчи канал» менен кызматташып жүргөн. Бир кездерде өзү Райымбек Матраимовдун мүлкүн иликтеп, «Азаттыкка» жарыялаган. Бирок 2019-жылдан тартып Алканова «Азаттыктын» Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган 700 млн доллар менен Матраимовдордун байланышы жөнүндөгү иликтөөлөрүнө контриликтөө даярдоого өткөн. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Анын пикиринде, АКШнын Матраимовго байкаларлык кызыкчылыгы бар жана «жер планетасында бир дагы өлкө башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эч нерсе кылбайт».«АКШ Матраимовго жеке кызыкчылыгын көздөп санкция киргизип жатат. Америка (бардык башка өлкөлөр сымал) дайыма өз кызыкчылыгынын алкагында жана өз элинин жыргалчылыгы үчүн аракеттенет. Алар аны “кыргыз элинин” кызыкчылыгы үчүн киргизбегени анык да, жолдоштор, майланган көздөрүңөрдү жуугула!» — деп жазган ал фейсбук барагында.Алканова болуп жаткан окуялар – «катардагы эле соода-экономикалык күрөш», ал эми АКШнын максаты – Кытайдын ЕАЭБге товар жөнөтүү жолуна бөгөт коюу деп билдирди.

Ни одна страна на этой планете не будет делать ничего ради интересов другой страны. США вводит санкции на Матраимова...

Опубликовано Эльнурой Алкановой Среда, 9 декабря 2020 г.

Анын пикиринде, ушундан улам Кыргызстан реэкспорт базарынан кол жууп, «кеме сыртында калышы» мүмкүн.«Алдыда бизди “Бир Алкак Бир Жол” долбоору күтүп турат. Мындай жүрүштө өлкөбүз кеме сыртында калышы мүмкүндүгү сезилип жатат. Бул турган Казакстан биздин реэкспорт базарабызды өзүнө алып жатат. Башка кошуналар Кытайга мыкты мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде саясий туруктуулукту сунушташат, а биз бул жерде мүмкүнчүлүктү колдон чыгарабыз», — деп жазган ал.Ошол эле учурда, журналист коррупцияга аралашкан мурдагы чиновникке каршы санкциялар товарды кайра экспорттоо рыногуна кандай тиешеси бар экендигин түшүндүргөн эмес.

Контекст: Райымбек Матраимовду коррупцияга жана аткезчиликке байланыштырып келишет. Көп жылдар бою Кыргызстанга арзан товар катары катталган контрабандалык жүктөр келип турган. Мындан улам аларга шарттуу алым толук төлөнбөй, андан соң кыргыз товары катары ЕАЭБге кирип турган — өнөктөш мамлекеттер республикадагы аткезчиликтин масштабына бир нече жолу сын айтышкан.

Юрист Канатбек Азиз АКШ Кыргызстанга карата «кош стандарт» колдонуп жатат деп билдирди.

Анын пикиринде, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун өлкөдөгү кылмыштуулук жөнүндө билдирүүсү менен Матраимовдун «Магнитский тизмесине» «чагылгандай тез» киргизилгенин карап отуруп «өлкөбүздө мыйзамсыз баюу жана коррупция үчүн айыпталган Аскар Шадиевчи? [эмне болот] деген аргументтүү суроо жаралат».

«Эмне себептен ал тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “үн катпайт”? Кандайдыр бир санкциялар тууралуу сөз дагы жок го? Жообу бирөө гана! Биздин өлкөгө карата кош стандарттуулук болуп жатат, башка себеби деле жок!», – деп жазган адвокат фейсбук барагына.

Ал Кыргызстанга каршы «максаттуу багыттагы иштер жүрүүдө, албетте айрым “патриоттордун” катышуусу менен» деп белгилеген.

Объективно: Изучая заявление посла США в Кыргызстане Дональда Лу о преступности в нашей стране, в том числе о Раимбеке...

Опубликовано Kanatbek Aziz Среда, 9 декабря 2020 г.

Контекст: Адвокат Канатбек Азиз «Клооп» менен «Азаттыктын» иликтөөчү журналисттерине каршы сот процессинде Матраимовдордун кызыкчылыктарын коргоп келет. Журналисттер Матраимовдор тууралуу антикоррупциялык иликтөөлөрдү чыгарышкан. Ал эми Аскар Шадиев дагы коррупциялык иштерге аралашкан жана өлкөдөн качып кеткен парламенттин мурдагы депутаты, бирок аны трансулуттук коррупция жана аткезчиликке байланыштырышкан эмес.

Парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун билдирүүсүнө жооп берди. Элчи бийликтин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш боюнча кадамдары жетишсиз экенин айткан.

Лу билдирүүсүндө Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаевди да белгилеп өткөн.

«Акыркы мезгилде, 28 жылдык дипломатиялык тажрыйбасы бар элчибиз Дональд Лу мамлекеттин ички иштерине аралашып, сот жана тергөө иштерине таасир эте тургандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Ал боюнча Тышкы иштер министрлиги өзүнүн жообун үстүртөн берди. Ал кишинин пикири бир мамлекеттин пикири катары бааланат. Мен Конвенциядан үзүндүнү цитата келтирейин, ал эки тарап менен тең ратификацияланган. Башка өлкөлөрдүн дипломаттары алар турган мамлекеттин мыйзамдарын жана токтомдорун урматтоого милдеттүү. Алар ошондой эле өлкөнүн ички иштерине кийлигишпеши керек», — деди ал.

Мындан тышкары, ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында каттоодон өткөнүн, шаардык кеңештин бир нече шайлоолоруна катышып, «ийгиликтерге жетишип келгенин» айтты.

Вице-спикер бажыдагы коррупция жана өлкөдөн 700 млн доллардын чыгарылып кетиши боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөнүн эске салды. Анын ою боюнча, АКШнын элчиси комиссиянын дагы ишине шек келтирип жатат жана элчи бул маселе боюнча сотко кайрылышы керек.

Контекст: Вице-спикер Мирлан Бакиров — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери. Аталган партия шайлоочулардын добуштарын сатып алууга бир нече жолу айыпталып келген. «Мекеним Кыргызстан» парламенттик шайлоодо бийликчил делген «Биримдик» жана «Кыргызстан» партиялары менен жеңишке жетишкенде нааразычылык акцияларынын чыгышына себепкер болгон жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Матраимов жана «Магнитский тизмеси»

«Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранты Райымбек Матраимов 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө «Магнитский тизмесине» киргизилди.

Матраимов аталган тизмеге киргизилгени тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жарык көргөн. Матраимовго карата учурда кандай санкциялар колдонулары азырынча белгисиз, бирок буга чейин алардын ичинде АКШга кирүүгө визалык чектөө, жада калса Американын банктарынан финактивдерди бөгөттөө чаралары дагы болгон.

«Матраимов жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик келишимдер же кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан жемкорлук, паракорчулук менен же түз, же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу, же катыштыгы бар учурдагы же мурдагы мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран катары көрсөтүлдү», — деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин маалыматында.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.