Ош шаарында 8-9-декабрда аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы «Сен жалгыз эмессиң» аталышында көргөзмө өттү. Аны калаадагы «Новый ритм» коомдук бирикмеси өткөрдү. 

Көргөзмө бирикменин кеңсесинин жер төлөөсүндө өтүп, анда зомбулукту чагылдырган сүрөттөр, инсталляциялар жана зомбулукка туш болгондордун окуяларынын топтому буюмдар менен кошо илинди. Көргөзмө кыздар жана аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында өттү.

Кампания жыл сайын 25-ноябрда, аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюнун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь, Эл аралык адам укуктары күнүндө аягына чыгат. Анын негизинде өлкөдө зомбулукка каршы бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Уюштуруучулар көрөрмандарга зомбулукка жабырлануучу эмес, зомбулукту жасаган адам күнөөлүү экенин жеткирүүнү көздөшкөн. Мындан сырткары алар коомчулукта аялдарга карата дискриминация жана стереотиптердин жоюлуусун каалашат.


«Зомбулук болгон жерде биздин коомдо көбүнчө жабырлануучунун өзүн күнөөлөшөт. Ошондой эле кыздарга карата теңсиздиктер бар. Биздин максат буларды жоюу жана көргөзмөнүн катышуучуларына аны түшүндүрүү», — деди уюштуруучулардын бири Гүлайым Сабирова.


«Караңгы үй»

Караңгы үйдүн инсталляциясы менен уюштуруучулар зомбулук ар бир үйдө болушу мүмкүн экенин, бирок кайдыгер коом аны байкабай калаарын көрсөткүлөрү келген.

«Мисалы биз кошуналардын үйүндө зомбулук болуп жатса да анын көрүүчүсү болуп эле кала беребиз. Ошондой эле “бул үй-бүлөлүк маселе, сыртка чыгарыш керек эмес” деген түшүнүктөр калыптанып калган. Бул болсо зомбулуктан жабырлануучунун милицияга арыз жазышына да тоскоолдук жаратат. Андыктан ар бирибиз зомбулукка күбө болсок бул тууралуу тиешелүү органдарга кабарлообуз керек», — дейт «Новый ритм» коомдук бирикмесинин өкүлү Мадина Салайдинова.

Качан гана караңгы үйгө жакын барып, жарыктандырганда — андан зомбулукка кабылган жабырлануучунун сөздөрүн окууга болот.

«Зомбулуктан каза тапкан аялдардын окуялары»

Тизилген бут кийимдерде зомбулуктан каза болгон аялдардын реалдуу окуялары жазылган.


«Жакшы көргөзмө уюштурулуптур. Мындагы зомбулук боюнча окуяларды окуганда денемди калтырак басты. Буга чейин туйбаган сезимдер болду. Сак болуш керек экен...», — дейт көргөзмөгө келген 19 жаштагы Айгерим.


«Стереотиптердин курмандыгы болгондор» — Бөтөлкө инсталляциясы

Уюштуруучулардын айтымында, бөтөлкөлөрдүн инсталляциясы коомдо орногон стереотиптерден чыга албай калган адамдар жөнүндө. Көргөзмөнүн катышуучулары стереотиптерди жоюну кааласа бөтөлкөнү сындырып, адамдардын макетин бошотуп сала алышат.

Же тескересинче макетти бөтөлкө менен кошо сууга салып коюшса болот — бул катышуучунун адам коом белгилеген нормада жашашы керек деген пикирин түшүндүрөт.

«Шейшеп»

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин кызды нике түнүнөн кийин «кыздык белгинин» бар-жогуна текшерүү салты сакталып келет. Кыз менен эркек тараптын туугандары таң аткыча жупту кайтарып, ал эми эртең менен кан издерин кайын энеге көрсөтүш үчүн шейшепти алып кетишет — шейшептеги кан келин «кыз» экендигин тастыктап берет.

Салтка ылайык, эгер келин кыз эмес болуп чыкса, анда баланын ата-энеси кыздын ата-энесине калың төлөөдөн баш тартууга укугу бар. Андан тышкары кызды уяткарып, кайрадан төркүнүнө жеткирип коюшат.

Ал эми «Новый ритмдин» өкүлдөрү «Шейшеп» инсталляциясына «Сенин денең — сенин тандооң» деген жазуу менен кыздын денеси өзүнүн жеке маселеси экенин түшүндүргүлөрү келет.

«Кийимдердин зомбулукка туш болууга тиешеси жок»

«Бизде зомбулукка туш болгондордун өзүн күнөөлөшөт. "Кыска кийинбеш керек, ачык жүрбөш керек" дешип. Бул инсталляцияда зомбулукка туш болгондордун окуялары жазылып, алар зомбулук учурунда кандай кийимде болушканын көрсөтүлүп, кийимдердин зомбулукка туш болууга тиешеси жок экенин көрсөткүбүз келди», — деди бирикме өкүлү Мадина Салайдинова.

Жыл башында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөлү зомбулуктан жабыр тарткан жети аял өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Ошондой эле пандемия учурундагы карантинде өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн — 2020-жылдын январь айынан октябрь айларынын аралыгында эле жалпы 7 669 зомбулук фактысы катталган.

Сүрөттөрдүн автору: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg