«Бозумчак» ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты. Комбинат октябрдан бери иштебей турат

«Бозумчак» ишканасынын 200гө жакын кызматкери 11-декабрь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар 6-октябрдан бери «агрессивдүү» жергиликтүү тургундар ишкананын иштешине тоскоолдук жаратып жатышканын айтып, бийликтен комбинаттын ишин калыбына келтирип берүүсүн талап кылышты. Өнөр-жай мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев Жаңы жылга чейин иш башталат деп убада кылды.

Жалал-Абад облусундагы «Бозумчак» кенин казып жаткан «Каз Минералз» компаниясынын жумушчулары премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковго кайрылышып, ишкананын жетекчилигине кысым көрсөтүп жаткан адамдарды жоопко тартууну өтүнүштү.

Кен казуучулардын айтымында, парламенттик шайлоодон кийин орун алган 5-6-октябрдагы нараазычылыктардын шартында жергиликтүү тургундар «Бозумчак» комбинатында башаламандык уюштуруп, аны басып алууга аракет кылышкан. Ошондо компания ишкананын кызматкерлерин тез арада эвакуациялоого аргасыз болгон.

Митингге чыккандар бул башаламандыкты уюштургандар белгилүү экенин, бирок эмдигиче кармалбай жатканын билдиришти. Алардын айтымында, алар ишин жанданта албай жатышат, анткени комбинатка келип чуу салгандар эч кандай жаза албашын сезип, кайрадан башаламандык кылбайт деп «эч ким кепилдик бере албайт».

«Биз эч качан саясатка аралашкан эмеспиз. Ишкана ишти мурдагы калыбына келтирүүсү керек. Бул ишти өзүңүз көзөмөлгө алып, бизге жардам берүүңүздү өтүнөбүз. Компанияга кысым көрсөтүүгө, мыйзамсыз талаптарды коюуга жана ишкананын ишине кийлигишүүгө күнөөлүү адамдар жазаланышы керек», — деп өтүнүштү митингге чыккан кызматкерлер.

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, комбинаттын иштери токтоп турганына байланыштуу казакстандык компания 2020-жылдын 31-декабрынан тарта бардык кызматкерлери менен эмгек келишимин токтотот.

«Бозумчактын» жумушчулары митингге чыгарын компаниянын басма сөз кызматы 9-декабрда эле маалымдаган.

«Ишкананын иши токтоп калды, мыйзамга ылайык, кызматкерлер айлык маянанын үчтөн эки бөлүгүн алып жатышат, бирок көпчүлүк жумушчулардын үй-бүлөсү, насыялары бар, мындай абал көпкө созулбашы керек. Митинг — бул компаниянын эмес, жумушчулардын демилгеси», — деп билдирген компаниянын басма сөз катчысы Елена Трегубова.

Бийлик эмне дейт?

Митингчилерге Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев чыкту. Ал 13-декабрда Жалал-Абад облусуна барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшө турганын айтты.

«Менин оюмча, Жаңы жылга чейин бул маселени чечебиз, ишкана иштеп баштайт. Мындан тышкары, башка кен чыккан жайларды кыдырабыз. Ушул жылдын акырына чейин бардык маселелерди чечүүгө аракет кылабыз», — деп убадалады Сагынбаев.

Ноябрдын башында, ошол кезде президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы таланып-тонолгон «Бозумчак» жана «Терек Сай» кендерине барган. Ал жергиликтүү тургундарды кен казуучу компаниялар менен «ачык диалог» курууга чакырып, кен иштетүүчүлөрдөн экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоону өтүнгөн.

Жергиликтүү эл эмнеге нааразы?

Айыл тургундары «Каз Минералз» компаниясына айлана-чөйрөнү булгоону токтотсун деген талап койгон.

«Суу жээктеп ири автоунаалар өтөт. Көк-Серек айылынын эли суу ичкен дарыяда химиялык заттар бар, жолдор жарактан чыккан. Ошол себептен нааразычылыктар пайда болду. Биз жергиликтүү тургундарды жумушка алуу талабын дагы коюп жатабыз. Алар өздөрүнүн жетекчилеринин бала-чакасын, тууган-уругун, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жумушка алып алышкан. Жөнөкөй адам иштебейт ал жакта», — деп айтып берген «Азаттыкка» Абдыганы Үсөнбаев аттуу жергиликтүү тургун.

Кен чыккан жерлердеги кризис

Бир гана «Каз Минералз Бозымчак» эмес, жүздөгөн кыргызстандыктар эмгектенген бул тармактагы көпчүлүк ири ишканалардын ишин токтоп турат: алар октябрдын башында жергиликтүү тургундар жана ээн баш басып алуучулардын талап-тоноосунан кийин ишин токтотушкан.

Бишкек менен аймактарда бийлик бөлүштүрүү кызып турганда, кен казуучу компанияларга чабуул башталган. Анда Таластагы Жерүй кени талап-тонолуп, фабриканын алтын чайкоочу имараты өрттөлгөн. Жалал-Абад облусундагы Жамгыр кени басылып алынып, ал эми Терек-Сай кенинде жергиликтүү эл алтын казуучу фабрика жана калдык сактагычтын курулушундагы жумушчуларды кууп чыккан.

*Казакстандын «Каз Минералз Бозымчак» компаниясы KAZ Minerals PLC тобуна кирет жана Кыргызстанда 2007-жылдан бери иштеп келет.

KAZ Minerals Чыгыш Казакстан облусунда төрт жер астындагы кенге, төрт байытуучу фабрикага жана Кыргызстандагы Бозымчак ачык кенине ээлик кылат. Ал жакта 2015-жылдын августунан бери «Бозымчак» тоо-кен байытуучу комбинат иштеп келет.