«Бозумчак» комбинатынын кызматкерлери митингге чыгат

Казакстандын «Каз Минералз Бозымчак» компаниясына тиешелүү «Бозумчак» тоо-кен ишканасынын кызматкерлери 11-декабрда Ак үйдүн алдына митингге чыгат. Алар иштөөгө мүмкүндүк берүүнү талап кылышат. Бул тууралуу «Клоопко» компаниянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Каз Минералз Бозымчак» ЖЧКнын басма сөз катчысы Елена Трегубованын айтымында, кен байлык чыккан жер октябрь окуяларынан кийин ишке кирбей турат — ал тургай ошол учурда президентин м.а. жана премьер-министр Садыр Жапаровдун Жалал-Абаддын талкаланган ишканаларына барып, жергиликтүү тургундар менен тоо-кен тармагында иштеген компаниялар элдешиши керектигин айтканы деле майнап чыккан эмес.

«Ишкана бул убакыт аралыгында бир күн дагы иштеген жок», — деп билдирди ал.

Жумушчулар митинг аркылуу көйгөйүнө көңүл бурдурууну көздөйт.

«Ишкананын иши токтоп калды, мыйзамга ылайык, кызматкерлер айлык маянанын үчтөн эки бөлүгүн алып жатышат, бирок көпчүлүк жумушчулардын үй-бүлөсү, насыялары бар, мындай абал көпкө созулбашы керек. Митинг — бул компаниянын эмес, жумушчулардын демилгеси», — деди Трегубова.

Кен чыккан жерлердеги кризис

Бир гана «Каз Минералз Бозымчак» эмес, жүздөгөн кыргызстандыктар эмгектенген бул тармактагы көпчүлүк ири ишканалардын ишин токтоп турат: алар октябрдын башында жергиликтүү тургундар жана ээн баш басып алуучулардын талап-тоноосунан кийин ишин токтотушкан.

Бишкек менен аймактарда бийлик бөлүштүрүү кызып турганда, кен казуучу компанияларга чабуул башталган. Анда Таластагы Жерүй кени талап-тонолуп, фабриканын алтын чайкоочу имараты өрттөлгөн. Жалал-Абад облусундагы Жамгыр кени басылып алынып, ал эми Терек-Сай кенинде жергиликтүү эл алтын казуучу фабрика жана калдык сактагычтын курулушундагы жумушчуларды кууп чыккан.

Мындай талап-тоноо жана басып алууга жез казуучу Бозумчак кени да кабылган. Айыл тургундары компанияга айлана-чөйрөнү булгоону токтотсун деген талап койгон.

«Суу жээктеп ири автоунаалар өтөт. Көк-Серек айылынын эли суу ичкен дарыяда химиялык заттар бар, жолдор жарактан чыккан. Ошол себептүү нааразычылыктар пайда болду. Биз жергиликтүү тургундарды жумушка алуу талабын дагы коюп жатабыз. Алар өздөрүнүн жетекчилеринин бала-чакасын, тууган-уругун, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жумушка алып алышкан. Жөнөкөй адам иштебейт ал жакта, — деп «Азаттыкка» жергиликтүү тургун Абдыганы Үсөнбаев айтып берген.

«Каз Минералз Бозымчак» кенинин талоонго түшүшүнө Казакстан нааразы болгон. «Казах Экспорттун» башчысы бул тууралуу Кыргызстандын ТИМинин башчысы Руслан Казакбаев менен анын Казакстанга болгон иш сапары учурунда сүйлөшкөн.

* Казакстандын «Каз Минералз Бозымчак» компаниясы KAZ Minerals PLC тобуна кирет жана Кыргызстанда 2007-жылдан бери иштеп келет.

KAZ Minerals Чыгыш Казакстан облусунда төрт жер астындагы кенге, төрт байытуучу фабрикага жана Кыргызстандагы Бозымчак ачык кенине ээлик кылат. Ал жакта 2015-жылдын августунан бери «Бозымчак» тоо-кен байытуучу комбинат иштеп келет.

Бийлик биротоло алмашкандан кийин жаңы аткаминерлер Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайына каражатын короткон жана октябрь окуялары учурунда жабыркаган инвесторлор менен жолугушушкан.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Эл аралык ишкерлик кеңешинде ишканалар ишке кирип, ал эми жергиликтүү калк менен болгон жаңжалдар жоюлушу үчүн чукул чаралар кабыл алынат деп убада кылышкан. Ошол эле кезде компаниялардын кызматкерлерин талкалоо, өрттөө жана уруп-сабоодон коргоого багытталган эч кандай мамкепилдик бере алышкан эмес.

Ошондуктан көпчүлүк кен казуучу компаниялар ушул күнгө чейин иштебей турат. Тоо-кен металлургия профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаевдин маалыматына караганда, беш миңден ашуун тоо-кен, металлургия тармагынын кызматкерлери жумушсуз, ал эми өлкө тоо-кен ишканаларынын эки ай бою иштебей турушунан 3 млн долларга жакын каражаттан куру калган.