Парламент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды «тирилтүүнү» чечти — Бекешев

Депутат Дастан Бекешев парламенттин депутаттары «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды «тирилтүүнү» чечкенин твиттерде жазды.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун 14-декабрда карамай болду. Бул жолу депутаттар 2020-жылдын август айында мыйзамга кол коюудан баш тартып, толуктоо үчүн кайрадан парламентке жөнөткөн экс-президент Сооронбай Жээнбековдун каршы пикирин эске алышат. Мыйзамдын долбоору парламенттик талкуу үчүн күн тартибине киргизилген.

Чуу жараткан мыйзам

Мыйзамды депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген. Коомчулуктун, активисттердин жана юристтердин нараазычылыгына карабастан, Асылбаева долбоор коомдук талкууга коюлгандан тарта өз мыйзам долбоорун коргоп келген.

Мыйзам долбоору кескин сынга алынып, ал эми юристтер бул мыйзам жарандардын сөз эркиндигине болгон укугун «одоно» бузат жана интернетке мамлекеттик чектөө коёт деп белгилешкен.

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова бул мыйзам долбоору аркылуу интернетте жалган маалымат таркатууга болгон көзөмөлдү күчөтүүнү жана интернет провайдерлерди колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоого милдеттендирүүнү сунушташкан.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзам долбоорун анализдеп чыгып, колдонуучунун фамилиясы жана инициалдары милдеттүү түрдө жазылышы керек деген пунктту «сандырак» деп баалаган. Укуктук клиника белгилегендей, анонимдүүлүккө ар бир жарандын укугу бар, ал эми интернетте мыйзам бузган адамды табуу үчүн атайын кызматтын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

Ошондой эле мыйзамда ыйгарым укуктуу орган жалган деп эсептеген маалыматка чектөө коё алат деп көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайык, мындай чечимди бир гана сот чыгара алат.

Factcheck.kg журналисттери мыйзамды кенен талдап чыгышкан. Ага ылайык, аталган мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган ушундай эле мыйзам менен 64%га дал келерин аныкталган. Ал эми айрым беренелер эч өзгөртүүсүз көчүрүлгөн.

Коомчулуктун каршылыгына карабастан, парламенттин депутаттары мыйзам долбоорун жактырып, президент Сооронбай Жээнбековго кол коюу үчүн жөнөткөн. Бирок Жээнбеков мыйзамды кабыл албай, каршы пикирин билдирген.

Жээнбековдун басма сөз кызматы президент документтин текстине карата каршы пикирин айтканын билдирген — ал долбоордо келтирилген укуктук мамилелердин субъектилерин жана аларды ишке ашыруу мехнизмдерин кайра карап чыгууну сунуштаган. Ошондой эле президент документте жазылган техникалык аспектилерди кайра карап чыгууну сунуштаган.

Башкы иллюстрациянын автору: Татьяна Зеленская