Жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө айыпталган экс-депутаттын өкүмү жокко чыкты

КСДП партиясынын экс-депутаты Музаффар Исаков, сүрөт: ЖКнын басма сөз кызматы

КСДП партиясынын экс-депутаты Музаффар Исаков, сүрөт: ЖКнын басма сөз кызматы

Жогорку сот жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө айыпталган экс-депутат Музаффар Исаков жана иштин дагы сегиз фигурантына карата өкүмдөрдү жокко чыгарды. Turmush басылмасы кабарлагандай, чечим 26-ноябрда чыгарылган.

Жогорку сот Сузак райсотунун жана Жалал-Абад облсотунун коллегияларынын чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайрадан кароо үчүн Сузак райсотуна жиберген.

Экс-депутаттын иши

Музаффар Исаков КСДП партиясынын парламенттеги депутаты болгон. Башкы прокуратура 2017-жылы аны коррупцияга айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Прокуратура Исаков 2010-жылдан 2015-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, айыл чарба жерлерин турак-жай курууга мыйзамсыз өткөрүп берип турган деп айыптаган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Исаков жалпы 14,34 гектар жерди турак-жай курууга өткөрүп берүү үчүн 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.Ошол эле жылдын апрелинде УКМК бул иш боюнча Исаковго айып таккан. 2018-жылы Сузак райсоту Исаковду 7 жылга шарттуу түрдө кескен. Бирок 2019-жылы Жалал-Абад облусунун соту Музаффар Исаковду кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген айып менен мүлкүн конфискациялоону чечип, жети жылга эркинен ажыраткан.