Кубан Чороев талапкерлиги катталбаганы боюнча Жогорку сотко арызданды

Кубан Чороев аны кезексиз президенттик шайлоого талапкер катары каттоого албоо чечимине карата Жогорку сотко доо арыз менен кайрылганын «Клооптун» журналистине билдирди.

Чороевдин айтымында, ал 14-декабрда Бишкектин Административдик сотунун чечимине каршы даттанган.

«Менин Жогорку сотко жолдогон кассациялык доо арызым Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимине карата болчу, бирок кечээ күнү БШК дагы менин талапкерлигимди каттоодон баш тарткан чечим чыгарды, ал дагы даттанууга жатат. Бирок анын баары биринчи иштен көз каранды», — деп билдирген Чороев.

Өз даттануусунда Чороев Жогорку соттон Административдик соттун чечимин жокко чыгарууну жана Боршайкомдун кол топтоо баракчалары жараксыз деген чечимин мыйзамсыз деп таап, аны да жокко чыгарууну өтүнгөн.

Чороев жана БШК

8-декабрда БШК Чороевдин кол топтомдорун жараксыз деп тапкан. Буга Чороевди колдогон шайлоочулардын «колдорун кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күнгө чейин чогултула башталганы» себеп болгону айтылган.

Чороев буга макул эместигин билдирип, сотко кайрылган: ал комиссия «мыйзам ченемдерин бурмалап», конституциялык милдеттерин жана шайлоо мыйзамдарын аткарбай жатат деп айыптаган. Бирок Бишкектин Административдик соту чечимди БШКнын пайдасына чыгарган. Андан соң БШК Чороевдин талапкерлигин колдогон шайлоочулардын ишенимдүү колу жетишсиз деп билдирген.

Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо

Кезексиз президенттик шайлоо 4-октябрда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийинки узакка созулган саясий кризистин жыйынтыгы.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес миңдеген жарандар өлкө боюнча нааразылык акциясына чыккан. 6-октябрга караган түнү башаламандыктар башталып, митингчилер менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон.

Андан соң Жогорку Кеңештин имараты митингчилердин колуна өткөн. Башаламандыктар учурунда митингчилер камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду бошоткон. Көп өтпөй Жапаров тарапкерлеринин жардамы менен президенттин милдетин аткара баштаган.

Жапаровду колдогон депутаттар парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып, конституциялык реформа жүргүзүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун кабыл алган. Андан соң Жапаровдун сунушу менен Конституциянын жаңы долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышкан.

Долбоор олуттуу кемчиликтери жана мыйзам кабыл алына турган болсо президент тарабынан бийликти узурпациялоого жол берилиши ыктымалдыгынан кескин сынга кабылган. Конституциялык кеңешме долбоорду оңдоп-түзөп жаткан чакта парламент депутаттары референдумга байланышкан дагы бир мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал өлкөнүн башкаруу формасын тандоо үчүн референдум өткөрүү — президенттик же парламент башкарууну тандоо.

Ал эки күндүн ичинде коомдук талкууга коюлуп, түзөлүүлөрдү киргизбестен дароо үч окууда кабыл алынган.