Президенттик шайлоодон четтетилген Кубан Чороев БШКга каршы сотто утулду

Президенттике ат салышууну каалаган Кубан Чороевдин БШКга карата доо арызы канааттандырылган жок — ал талапкерлердин тизмесине кирбей калды.

Буга чейин БШК Чороевдин кол топтомдорун жараксыз деп тапкан. Буга Чороевди колдогон шайлоочулардын «колдорун кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күнгө чейин чогултула башталганы» себеп болгону айтылган.

Чороев буга макул эместигин билдирип, сотко кайрылган: ал комиссия «мыйзам ченемдерин бурмалап», конституциялык милдеттерин жана шайлоо мыйзамдарын аткарбай жатат деп айыптаган. Бирок Бишкектин Административдик соту чечимди БШКнын пайдасына чыгарды.

Чоров жана анын адвокаттары чечимди кийинки инстанцияга даттанабы же жокпу, белгисиз.

Кыргызстандын президентин шайлоого 18 адам катышары белгилүү болду. Алар бардык талаптарды аткарып, 30 миң шайлоочунун колун топтогон. Үгүт иштери 15-декабрда башталат.

Мындан тышкары, кезексиз президенттик шайлоо өтөөр күнү республиканын башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум өтөт. Ага ылайык, кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандап, же болбосо экөөнө тең каршы добушун бериши керек болот.

Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо

Кезексиз президенттик шайлоо 4-октябрда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийинки узакка созулган саясий кризистин жыйынтыгы.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес миңдеген жарандар өлкө боюнча нааразылык акциясына чыккан. 6-октябрга караган түнү башаламандыктар башталып, митингчилер менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон.

Андан соң Жогорку Кеңештин имараты митингчилердин колуна өткөн. Башаламандыктар учурунда митингчилер камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду бошоткон. Көп өтпөй Жапаров тарапкерлеринин жардамы менен президенттин милдетин аткара баштаган.

Жапаровду колдогон депутаттар парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып, конституциялык реформа жүргүзүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун кабыл алган. Андан соң Жапаровдун сунушу менен Конституциянын жаңы долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышкан.

Долбоор олуттуу кемчиликтери жана мыйзам кабыл алына турган болсо президент тарабынан бийликти узурпациялоого жол берилиши ыктымалдыгынан кескин сынга кабылган. Конституциялык кеңешме долбоорду оңдоп-түзөп жаткан чакта парламент депутаттары референдумга байланышкан дагы бир мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал өлкөнүн башкаруу формасын тандоо үчүн референдум өткөрүү — президенттик же парламент башкарууну тандоо.

Ал эки күндүн ичинде коомдук талкууга коюлуп, түзөлүүлөрдү киргизбестен дароо үч окууда кабыл алынган. Референдум өтүүчү күн кезексиз президенттик шайлоонукундай эле — 10 январь.