Ысык-Атада төрт адамдын өмүрүн алган өрттүн себеби аныкталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында 4 адам каза болгон өрт боюнча кылмышка шектүү деп 21 жаштагы жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган факты боюнча «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен иш ачылып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бардык экспертиза дайындалды.

Милициянын маалыматы боюнча сарайда иштеп жүргөн аял 1999-жылы туулган жигитке от жагып берүүнү суранган.

«Ал отту бензин менен күйгүзүүгө аракет кылган. Бензин күйүп кеткенде, колунда калган бензинди ыргытып жиберип, сыртка качып чыккан. Өрт ошондон улам чыккан», — деди Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Назира Имангазиева.

Кылмышка шектелген жаран бир жума мурун сарайга жумушчу катары алынып, мал бакчу.

Белгилей кетсек, 13-декабрда Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылындагы мал сарайда өрт чыккан. Тилсиз жоо 25 жаштагы аялдын, төрт жашар кыздын, ошондой эле алты жана үч жаштагы эки баланын өмүрүн алып кеткен.