Ысык-Атада турак жай өрттөнүп, аял жана үч жаш бала каза тапты

Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында жайгашкан мал сарайда өрт чыгып, кырсыктан 4 адам каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Тилсиз жоо 25 жаштагы аялдын, төрт жашар кыздын, ошондой эле алты жана үч жаштагы эки баланын өмүрүн алды.

Өрт 13-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Чоң-Чүй каналына жакын жайгашкан кашарлардын биринде чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, алгач сарайдын чатыры өрттөнүп, натыйжада адамдар жашаган башка эки бөлмөгө өткөн. Өрт толугу менен саат 21:00го жакын өчүрүлгөн.

«Жалындын жалпы аянты 320 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда», — деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Буга чейин, 7-декабрда, Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы мектепте жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунда бала бакча өрттөнгөн.