Бишкектеги Ак-Жар менен Ак-Бата конушуна кезектешип жарык берилет

Жарыктын өчүшүнө нааразы болуп жол тоскондор. Сүрөт: Kaktus.media

15-декабрда кечинде электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнө нааразы болуп, айланма жолду тоскон Ак-Жар менен Ак-Батанын тургундарына жарык берилди. Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев «Азаттыкка» маалымдагандай, аталган конуштарга электр энергиясы кезеги менен берилип жатат.

Аким мындай кадам көмөкчордондорго күч келбеши үчүн айласыздан болуп жатканын белгилеген. Ал кыштын күнү конуштун жашоочуларына кезеги менен электр энергиясын берүү менен аны жеткирүүгө болорун айтууда.

«Мисалы, эки көчөгө эки саат берип, дагы эки көчөнү өчүрө турсак. Анан аларга бергенде беркилери өчүрүлүп турат. Тургундар өздөрү да буга макул болушту», — деди ал.

Конуштун тургундары айланма жолду тосуп, унааларды өткөрбөй, машинанын дөңгөлөктөрүн өрттөшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан, бирок топтолгон эл ага жол берген эмес. Кечинде Аламүдүн районунун акими жерине барып, абалды түшүндүрүүгө аракет кылганы менен чогулгандар аны укпай көйгөйдү чечип берүүнү талап кылышкан. Себеби, жарыкты өчүрүү суук түшкөн бир айдан бери такай болуп, алардын жашоосу оорлоп кеткен. Айрымдары 15 градус суукта балдары менен жылуулуксуз калышканын айтышкан.

Ошентип түн жарымда жол тоскондор жолду ачышкан.

Ак-Жар, Ак-Бата Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан. 2005-жылы жерлерди жапырт басып алуудан кийин пайда болгон конуш. Азыркыга чейин конуштагы айрым үйлөргө Кызыл китеп бериле элек.

«Өчүрүү болбойт, электр жарыгын үнөмдөгүлө»

Ал ортодо Улуттук энергохолдинг элди электр жарыгын үнөмдөөгө чакырууда. Себеби, суук түшкөндөн тартып аны колдонуу рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Анткен менен мекеме электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт деп убада берген. Андан сырткары үйдү жылытуу үчүн газ жана көмүр жагууга чакырган. Болбосо калктын электр энергиясын көп колдонушу «оор жагдайга» алып келиши мүмкүндүгүн айткан.

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы

2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.

«Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн киловатт-саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган», — деди ал.

2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу тартыш болчу.

Бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.