Газ, көмүр жаккыла. Улуттук энергохолдинг электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Улуттук энергохолдингдин жана ага таандык компаниялардын өкүлдөрү 14-декабрдагы басма сөз жыйында 2020-2021-жылдагы жылытуу сезонуна даярдыктар тууралуу айтып беришкен.

Алар маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын убада кылып, үйдү жылытуу үчүн газ жана көмүр жагып, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды. Болбосо калктын электр энергиясын көп колдонушу «оор жагдайга» алып келиши мүмкүн.

«Клооп» басма сөз жыйында айтылган маанилүү маалыматтарды тизмектеди.

Электр энергиясын колдонуудагы рекорддор тууралуу

Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиевдин айтымында, холдинг өзүнүн бардык туунду ишканалары менен күз-кыш мезгилине толук даяр жана бардык оңдоп-түзөө иштерин 100% аткарып коюшкан.

«Бирок, дароо катуу суук болуп кеткениндиктен калк электр энергиясын көп колдоно баштады. Кыргызстанда жылуулукту иштеп чыгууда балансы бар: көмүр, газ жана электр энергия баланстары. Ошондой эле, күз-кыш мезгилине карата электр энергиясын колдонуунун белгилүү лимити болот, аны бүгүнкү күндө бардык аймактар сактабай келишет», — деди ал.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Эмил Куданалиевдин айтымында, 13-декабрга карата электр энергиясын колдонуу кубаттуулугу рекорддук көрсөткүчкө жеткен — 3240 мегаватт. Буга чейинки рекорд 2018-жылы 29-январда катталган — 3224 мегаватт.

«Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрына карата электр энергиясын колдонуу суткасына 69 млн кВт/саатка жеткен. Өкмөттүн токтомуна ылайык, декабрь айы үчүн электр энергиясын колдонуу чеги 1 млрд 886 млн кВт/саат, башкача айтканда 30 күн үчүн бул суткасына 61 млн кВт/саат. Көрсөтүлгөн чектен дээрлик 10%га көп колдонулган», — дейт ал.

Электр энергиясынын ордуна эмнени колдонсо болот

Куданалиев электр энергиясынын көп колдонулушу энергетиктерди жылытуу сезондун башында гана түйшөлтөрүн белгилеп, учурда чектөөлөр киргизилберин айтып өттү.

«Бирок көп колдонгондо жабдыктарга күч келип, иштин бекемдиги азаят».

Колдонуу 2018-жылдагыдай 71,5 млн кВт/саатка жетпегени менен абанын азыркыдай температурасында электр энергиянын көп колдонулушу чочулатат.

Бул жарандардын күз-кыш жылытуу сезонуна даяр эместигинен кабар берет. Андыктан калкыбызды кошумча жылытуучу электр жабдууларын колдонбой турууга чакырабыз, болбосо кесепети оор болушу ыктымал», — дейт ал.

Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасынын биринчи орун басары Бердиев маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт деп убадалады. Бирок анын айтымында, электр энергиясы ашыкча көп пайбаланылган учурда автоматтык өчүргүчтөр иштеп кетиши мүмкүн, алар адатта ашыкча жүк келип кеткенде иштейт жана ал өчүрүүлөргө алып келиши мүмкүн.

«Ушуга байланыштуу, элди тамак-аш даярдоо жана үйдү жылытуу үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырып кетким келет, күтүүсүз кырдаалдар болбошу үчүн көмүр, газ сыяктуу альтернативдик булактарды колдонууга чакырып кетким келет», — деди Бердиев.

Казакстандан электр энергиясын алуу тууралуу

12-августта Кыргызстан Казакстандан 500 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алары белгилүү болгон. Улуттук энергохолдингдин ошол кездеги директору Айтмамат Назаров калкты электр энергиясы менен «үзгүлтүксүз» камсыз кылуу үчүн Улуттук энергохолдинг «бардык резервдерди» колдонууга даяр экенин айткан.

«Электр станциялары» ААКтын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин айтымында, Казакстандын энергосистемасындагы көйгөйлөрдөн улам электр энергиясын импорттоо келишими учурда толук көлөмдө аткарылбай келет.

«Электр энергиясы келип жатат, бирок пландалган көлөмдөн бир топ эле аз. «Электр станцияларындагы» жалпы абал туруктуу, жабдуулар кадимки режимде иштеп жатат, Бишкек жана Ош ЖЭБине графикке ылайык отун жеткирилип жатат», — деп белгиледи Ачикеев.

Бишкектин булганган абасы тууралуу

Улуттук энергохолдингдин төрагасынын биринчи орун басары көмүр жагуу Бишкектеги абанын булганышына алып келген жалгыз себеп эмес экенин белгиледи.

«Тигүү өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды жакпоого чакырып кетер элем. Анын үстүнө транспорт дагы чоң салым кошот. [...] Баардыгы ЖЭБ абаны булгайт деп ойлошот. Бүгүнкү күндө ал жакта сапаттуу чыпкалар орнотулган, ЖЭБдин [салымы] жалпы булгануунун 10-15% түзөт, андан ашык эмес», — деди ал.

Ачикеев Бишкек ЖЭБи жана жакын жайгашкан калктуу конуштар шаардын экологиясына аз таасир этерин билдирди. Ал электр энергиясын этияттык менен пайдаланууга борбор калаанын тургундарын гана эмес, өлкөнүн бардык жашоочуларын чакырып жатканын белгиледи.

Ал эми 1-декабрда Бишкек мэриясы абаны булгаган заттар менен пландуу күрөш жүргүзүп жатканын билдирген. Анда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкекти каптаган кара түтүндүн негизги себептерин атаган. Алар: жаңы конуштар, автоунаалар жана ЖЭБ

«Бир гана бизди өкүндүргөнү жаңы конуштун жашоочулары отун-суусун мурдатан даярдап албай, азыр ар кандай таштандыларды жагып, андан чыккан түтүн Бишкекти каптап жатат. […] Кара түтүн менен күрөштү мурда эле баштаганбыз. Бул пандемия бизге аябай тоскоол болду — каржы маселесинен кыйналдык. Элдик көтөрүлүш дагы бизди кичине кыйнап койду. Эң негизгиси — биз Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын бардыгын газдаштырышыбыз керек», — деп билдирген Түлөбаев.

Кыргызстандын борбор калаасы бир нече жолу «абанын булганышы боюнча» дүйнөнүн ири шаарларынын сап башында болгон. Дүйнөдөгү абанын сапатын аныктоочу IQAir платформасынын маалыматына таянсак 14-декабрь саат 16:44тө Бишкек булгануунун 280 индекси менен ири шаарлардын ичинен биринчи орунга чыккан.

Бул көрсөткүч «өтө зыян» категориясына кирет. Кыргызстандын борбор калаасындагы абанын булганышы миллиондогон калк жашаган мегаполистерден — Дели жана Лохор шаарларынан ашып өткөн.

*Бийлик Бишкектеги абаны негизинен автоунаалардан чыккан түтүн булгайт деп эсептейт. Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жер тамда жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылыткан адамдар бузушат.

Көп учурда абанын булганганы кечкисин байкалат. Бул маалда адамдар жумуштан үйгө автоунаа менен кайтат жана үйүн жылытуу үчүн көмүр жагат.

Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБден чыккан түтүн абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.

2019-жылы кыш айларында Бишкекте кара түтүнгө каршы митингдер өткөн — жүзгө чукул адам экологиялык кырдаалга өз нааразычылыктарын билдирүү үчүн Бишкектин борбордук аянтына чогулган. Ал убакта Бишкектин абасы «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян» көрсөткүчүнөн «кооптуу» көрсөткүчүнө чейин өзгөрүп турган. Анда шаар бийлиги калаада аба кооптуу экенин мойнуна алып, тургундардан бет кап кийип жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну суранган.

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы

2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.

«Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн киловатт-саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган», — деди ал.

2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу тартыш болчу.

Бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.