Качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстандын аймагынан Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев чыгарып кеткен. Ал бул тууралуу Айгүл Адилованын «Бейнеге сүртүмдөр» даректүү тасмасынын экинчи бөлүгүндө айтып берген.

Назарбаев өлкөлөр ортосундагы чыр-чатактарды чечүүгө кошкон салымы тууралуу сөз болгондо Кыргызстанды кыстарып өткөн.

«Кыргызстан тууралуу айтып өтсөм, Аскар Акаевди мен Бишкектен Таразга тик учак менен алып чыгууга мажбур болдум. Акыбал өтө оор эле, атышуу болуп кетмек. Тараздан Орусияга кетти», — деп билдирген Казакстандын биринчи президенти.

Эки өлкөнүн президенттери аз убакытка куда дагы болушкан: Акаевдин тун уулу Айдар Назарбаевдин кенже кызы Алияга баш кошкон

Назарбаев тактан кулаган экинчи президент Курманбек Бакиевдин тагдырына кенен токтолгон. Ал 2010-жылы Бакиевди үй-бүлөсү менен алып чыгып кеткенин баяндаган. Назарбаевдин айтымында, Бакиев тарапташтары менен Ошто жатып алган. Куралданган соң тарапташтары менен «Бишкекке келип», элдик толкундоолорду басууга камынган.

«Курманбек, сен эмне кылып жатасың? Кан төгөсүң. Анан эмне болот? Кайра президент болосуңбу? Андан кийин кантип иштейсиң?» — деп сурадым деген Назарбаев.

Анын айтымында, ошол кездеги өлкөнү убактылуу башкарып жаткан Роза Отунбаева өзү телефон чалып, «кандай жол менен болсо да Бакиевди тынчтандырууну» суранган.


Бакиев менен Назарбаев

«Курманбекке чалып айттым: “Мен сени ошол жактан, Оштон чыгарып кетейин. Андан кийин сүйлөшүү жүргүзө бересиң, жакын жерде болосуң, бул жакта”. Араңдан зорго көндүрдүм», — дейт Назарбаев.


Назарбаевдин айтымында, ошол убакта ал Вашингтондо өтүп жаткан дүйнөлүк өзөктүк куралсызданууга байланыштуу саммитке катышып жаткан. Ал Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, АКШнын президенти Барак Обама менен Кыргызстандагы абалды жөнгө салууну сүйлөшкөн.

«Бир сүрөт бар. Ортодогу чоң жыйналыш өтүп жатат, а биз үчөөбүз шыбырашып сүйлөшүп жатабыз. Ошол учурда Кыргызстандагы абалды, жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн экенин талкуулап жатканбыз. Куралданган бакиевчилер Бишкекти көздөй бет алды, бир нерсе кылалы деген сөз болгон», — деп айтып берген ал.

Обама, Назарбаев, Медведев жана Лавров 2010-жылы Вашингтондогу өзөктүк куралданууга каршы саммитте

Анын айтымында, Назарбаев Бакиевди алып чыгуу үчүн учак жиберип, бирок орусиялык аткыч учактар анын учагынын коопсуздугун камсыз кылышы керектигин суранган. Ал аскер чалгындоо кызматынын жардамы менен маселенин чечүү жолдорун аныктай баштаган Казакстандын коргоо министри Адилбек Жаксыбеков аркылуу учак камдаган.

Жаксыбековдун маалыматы боюнча, ошондо Оштун аэропортундагы учуучу-конуучу тилкеге шагыл төгүп коюшкан, ал операцияга тоскоол жаратышы мүмкүн эле. Бирок Назарбаев учак жөнөтүш керек экенин айткан — эгер тилкеде шагыл жок болбосо, учак конмок.


«Мен учакты жибере бер, эгер конуу тилкесинен шагыл көрүнсө кайрылып кете берсин дегем. Курманбекке жакындарыңды даярдап тур деп айткам. Эч кандай шагыл жок болуп чыкты. Ошентип аны үй-бүлөсү менен чыгарып кеттик. Кан төгүлгөн жок. Болбосо көп кан төгүлмөк. Алар муну унутуп калышты», — деп сөзүн бүтүргөн Назарбаев.


Президенттерди тактан оодаруу

Акаев Кыргызстандагы 2005-жылдын 24-мартындагы Жоогазын революциясынан кийин тактан кулаган. Анда миңдеген кыргызстандыктар Акаевдин үй-бүлөлүк-кландык режимине каршы чыгышкан. Митингге чыгууга байкоочулар тарабынан таза эмес деп таанылган парламенттик шайлоонун жыйынтыгы себеп болгон. Анда бийликтин «Алга, Кыргызстан» партиясы эң көп добушка ээ болгон. Ал эми революция аяктагандан кийин, жеке ишкер Урмат Барыктабасов бул партиянын негизинде «Мекеним Кыргызстан» коомдук кыймылын түптөгөн.

Ушул эле аталыштагы, бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген партия 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо алган добуштар боюнча экинчи орунга ээ болгон. Добуш берүү учурундагы көптөгөн мыйзам бузуулар элдик толкундоолорду пайда кылып, натыйжада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Курманбек Бакиев Белоруссияда 10 жылдан бери жашайт — ал 2010-жылы Кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. 2010-жылдын 7-апрелиндеги кагылышууда, нааразычылыкка чыккандарга ок атылып, ондогон адамдар Ак үйдүн алдындагы аянтта мерт болгон.

Кыргызстанда Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы кылмыш иштери козголгонуна карабай, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет. Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Анын 25 жылын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөмөк. Бакиевдин иниси — Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы — Жаныш Бакиевге карата сыртынан өмүр бою абакта кесүү өкүмү чыккан.