LIVE: Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте 5-октябрда тынчтык митингги өтүп жатат. Борбордук аянтта «Чоң Казат», «Мекенчил», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар» партиялардын тарапташтары чогулушту. Акциянын катышуучуларынын арасында жарандык активисттер да бар.

Митинг после выборов 2020

Posted by Kloop on Sunday, October 4, 2020

Алар 4-октябрда өткөн шайлоону тааныбай турушканын жана анда мыйзамсыз фактылар орун алганын айтышууда. Митингге чыккандардын арасында мурдагы депутат Ирина Карамушкина бар.

Ал укук коргоо органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине кайрылып, «эгерде бийлик шайлоонун жыйынтыгын карап чыкпаса, алар да элди сатып кеткен кылмышкер болуп калышат» деген пикирин билдирди.

«Кечээ жок дегенде оппозициялык партиялар Жогорку Кеңешке өтөт деген үмүт бар болчу. Мен үч чакырылышта депутат болгом. Оппозиция акыркы жылы алсыз болду. Бийликке элди манипуляция кылуусуна жол бербеш керек», — деди Карамушкина.

Экс-депутат карапайым эл «басым астында, мажбур түрдө шайлады» деп белгиледи.

«Өлкөнү бандиттерге, аткезчилерге, бажычыларга өткөрүп бербеш керек. Кандай жол менен алар акчаларды алып чыгып кетип жатышканын баарыбыз көрдүк. Ошол кишилер мыйзам чыгаруу бийлигине барып бизге 5 жыл кантип ручканы туура кармаш керектигин үйрөтүшөбү?» — деп нааразы болду ал.

Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоодо оппозиция өткөн жок. Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган соң, «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары 4-октябрда саат 14-00дө Опера жана балет театрынын тушунда митинг өткөрө турганын жарыялашты. Алар адамдарды массалык түрдө участкаларга ташыган, добуштарды сатып алган ыплас шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

«Биз парламентке олигархтар менен криминалдык топтордун, уруулардын келишине жол бербешибиз керек. Андыктан, бардык кыргызстандыктарды бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууга чакырабыз», — деп билдирди атамекенчи Жанар Акаев.

Дээрлик бардык партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразычылыгын айтышууда. Ал тургай, «Мекеним Кыргызстан» мындан дагы көп добуш алат элек деген пикирде. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан бир мандатка гана көп добуш алган бийликтин «Биримдик» партиясы шайлоонун жыйынтыгынак ыраазы.

БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Учурда дээрлик 2 млн добуш саналды. Алдын ала жыйынтык боюнча парламентке төрт партия өтөт. «Биримдик» (24.94%), «Мекеним Кыргызстан» (24.29%), «Кыргызстан» (8.89%) жана «Бүтүн Кыргызстан» (7.20%).

БШКнын маалыматы боюнча бардык аймактарды «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» алдыга чыкты.