«ОшЭлектро» электр энергияны үнөмдөөгө чакырды, антпесе жарык өчүшү мүмкүн

«ОшЭлектро» ачык акционердик коомунун жетекчилиги 16-декабрда басма сөз жыйын куруп, Ош жана Баткен облустарында электр энергиясын керектөө боюнча лимит ашып жатканын билдиришти. Алардын айтымында, бул электр жарыгынын өчүшүнө алып келиши мүмкүн.

«Күнүмдүк лимиттер боюнча айтып кетсек: лимит 12 млн 965 миң киловатт/саат берилип жатса, ал эми кечеки күнү 14 млн 938 миңге чыккан — бул рекорд. Быйыл январь айында да мындай көрсөткүч болгон эмес — 12 млн 300 миң киловатт/саат коротулган», — деди «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын башкы инженери Эмилбек Ысманов.

«ОшЭлектронун» жетекчисинин биринчи орун басары Нурлан Раимбек уулунун үйдү жылытууда башка булактарды колдонууга чакырды.

«Электр энергия — бул “таза” жана бизге эң ыңгайлуу болуп эсептелет: үйдү жылытууга же башка жумуштарды аткарууда. Ошол эле убакытта бизде электр энергиядан башка дагы жылытуунун булактары бар — көмүр, газ менен жылытуу. Ушул үч булакты бирге алып кетип, бир эле энергосистемага жүк келтирбесек. Антпесе бул биздин көйгөйүбүзгө айланып кетиши мүмкүн», — деди Раимбек уулу.

Ал эми «ОшЭлектро» ААКнын жетекчисинин коммерциялык маселелер боюнча орун басары Мирбек Гуроновдун айтымында, ар бир керектөөчүгө 5 кВт (киловаттык) лимит коюлган. Салыштырып көрсөк, телевизор беш саатта орто эсепте 0,75 кВт иштетет.

«Канчалык көп электр жабдыктарын колдонуп жатсак, үйдөгү электр эсептегичтин автоматы [сактагычы] таштайт (анын натыйжасында электр жарыгы өчүрүлөт — редакция). Ал эми керектөөбүз көбөйгөн сайын биздин автоматика дагы өзүнөн-өзү таштайт», — деди Гуронов.

Гуронов жаз айына чейин электр энергиясын үнөмдөө керектигин кошумчалады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ош жана Баткен облустарында «ОшЭлектронун» 440 миңден ашуун абоненти бар — анын 107 508и Ош шаарында жайгашкан.

Буга чейин Улуттук энергохолдинг электр энергиясын үнөмдөп, имараттарды жылытуу үчүн газ жана көмүр жагууга чакырган.

Ал эми вице-премьер-министр Равшан Сабиров парламенттик жыйында өлкөдө өткөн айга салыштырмалуу электр энергиясы эки эсе көп колдонулуп жатканын билдирди. Мындан улам өлкөдө электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралууда дейт.

2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур. Сабировдун айтымында, Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.