Акыркы суткада коронавирустун жаңы 264 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 18-декабрда коронавирустун жаңы 264 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Чүй облусу — 67;

Бишкек шаары — 76;

Жалал-Абад облусу — 20;

Ысык-Көл — 44;

Ош облусу — 14;

Баткен облусу — 4;

Ош шаары — 21;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 14.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 78 679га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 26 063. Ал эми Чүй облусунда — 10 872, Ош облусунда — 8 093, Жалал-Абадда — 9 658, Ысык-Көлдө — 6 823, Ош шаарында — 5 455, Баткенде — 7 037, Нарын облусунда — 2 201 жана Талас облусунда — 2 477 учур катталды.

Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 141.

Ошондой эле, акыркы суткада 395 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 125, Жалал-Абад облусунда — 28, Ош облусунда — 16, Ош шаарында — 22, Баткен облусунда — 32, Чүй облусунда — 114, Ысык-Көл облусунда — 40, Нарын облусунда — 5, Талас облусунда — 13 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 72 051 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 773 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 82 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 649 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Баткен облусунан — эки жана Ош облусунан — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 324 киши көз жумду. Анын ичинен 922си эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.

Мындан сырткары, өлкө боюнча сегиз медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — эки, Ош, Жалал-Абад облустарынан — бирден жана Ысык-Көл облусунан — төрт медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада 12 медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 065ке жетти, анын ичинен 3 817 медкызматкер илдеттен айыкты.