Ноокат: 6 жаштагы кызды зордуктоого күнөөлүү деп табылган киши соттун чечимине даттанды

Ош облусунун Ноокат райондук соту алты жашар кызды зордуктоого күнөлүү деп тапкан киши аппеляциялык даттануу менен экинчи инстанциядагы сотко кайрылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук басма сөз кызматынан билдиришти.

Ноокат райондук сотунун өкүмү 13-ноябрда чыккан. Ага ылайык, соттолуучу үстүбүздөгү жылдын 5-августунда таанышынын үйүнө мас абалда барып, үйдүн ээлери жок болгондуктан алардын алты жашар небересин зордуктаган.

Тергөө органдары айыпталуучунун кылмышка тиешесин аныктаганы менен ал күнөөсүн моюндаган жок. Ноокат райондук соту айыпталуучуну «Зордуктоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров парламенттин 1-июнундагы отурумунда 2019-жылы үймө-үй кыдырып текшерүүдө 10-12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталганын билдирген. Аталган фактылар эч жерде катталбаганы белгилүү болгон.

Анын айтымында, 700 миң үйдү кыдырып текшерүүнүн жыйынтыгында 106 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталып каттоого алынган. Анын ичинен 5600 бала чоочун кишилердин кароосуна калтырылган: классташтарына жана коңшуларына.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2 462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36сы өзгөчө оор жана 2 248и жеңил.

Ошондой эле, жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталган. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз бар экенин билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийинки орунда 33 учур менен Бишкек шаары турат.