Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 21-декабрда Баткен облусунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда шайлоо фондуна акча элден чогулганын билдирди.
«Талапкерлик фондумда сарпталган акчанын бүт баары элден келип жатат. Пенсионерлер пенсиясынан берип жатышат. Мобу турган плакаттарды да эл өзү жасап атат. Мен түрмөдө отурганда да акчасын, тамак-ашын, кийим-кечелеримден өйдө калтырып кетип жүрүп, мени эл бакты. Үч жыл бою эл, сиздер бактыңыздар», — деди ал.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтында президенттике талапкерлердин шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттары жана алардын сарпталышы тууралуу маалымат жайгаштырган.
Садыр Жапаров – шайлоо фондуна эң көп каражат келип түшкөн талапкер. 18-декабрга карата анын фонду 47 млн 404 миң сомдү түзгөн. Жапаров сарпталган каражаттар боюнча дагы тизменин сап башында — 43 млн 720 миң сом.
Жапаровдун билдирүүсүнө карабай, БШКнын маалыматында талапкерди айрым жарандар гана эмес, юридикалык жак катары каттоодон өткөн компаниялар дагы каржылап жатышат. Алар талапкерге 31 млн сом жардам катары берген. Ошондой эле 15 млн сомдон ашуун Жапаров фондго өз каражатынан которгон.
Кезексиз президенттик шайлоо
Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына, өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум менен бир күнгө белгиленген. Соттун чечимине ылайык, Кыргызстандык шайлоочулар 10-январда өлкө башчысын гана эмес, башкаруу формасын дагы тандашат.
БШК президенттике ат салышчу 18 талапкерди каттаган. Үгүт иштери 15-декабрда башталып 9-январга — добуш берүү алдындагы тынчтык күнүнө чейин уланат. Бирок, президенттике талапкерлер Садыр Жапаров тарабынан мыйзам бузуулар болуп жатканына даттанышкан.
Жапаров өлкөдө бийлик алмашкандан кийин президенттик кызматка талапкерлигин койду. 6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кыргызстандыктар Ак үйдү басып алышкан. Ошол эле түнү митингчилер колония жана тергөө абактарынан бир катар саясатчыларды бошотуп чыгарышкан — алардын арасында адамды барымтага алуу үчүн жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаров да болгон.
Мындан кийин Жапаров тарапкерлеринин коркутууларынын жардамы менен өкмөт башчыны, президентти жана парламент спикерин отставкага кетире алган. Алгач ал министрел кабинетин жетептеп баштап, андан соң президенттин милдетин аткара баштаган.
Шайлоого катышуу үчүн ал өз ыйгарым укуктарын тапшырган, бирок президенттин м.а. жана парламенттин спикери кызматына үзөңгүлөшү Талант Мамытов келген. Анын дагы бир үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылыгына дайындалган. Мындан башка маанилүү кызматтарга да анын тарапташтары келген.