Укук коргоочулар президентикке талапкер 9 адамдын үстүнөн БШКга арызданды

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» укук коргоочу уюму президентик жарышка аттанган 9 талапкердин үстүнөн Боршайкомго арыз жолдоду. Алардын арасында Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Токтайым Үмөталиева, Бектур Асанов, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Садык-Шер-Нияз жана Бакытбек Жумагулов бар.

Укук коргоочулар талапкерлер шайлоо мыйзамдарын бузушту деп эсептейт.

Мыйзамсыз үгүт

Укук коргоочулардын доо арызында президентикке талапкер Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москва шаарында мигранттар жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн деп жазылган. Укук коргоочулар мындай жолугушуу шайлоо мыйзамын бузуу болуп саналат, андыктан БШК талапкерди жоопко тартуусу керек деп эсептешет.

Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусуна буга чейин Башкы прокуратура дагы реакция кылган. Башпрокуратура БШКга жолугушуунун видеосун жөнөтүп, анда тымызын үгүттүн белгилери болгонун белгилеген.

Бирок Мадумаров Башкы прокуратуранын айыптоолору менен макул эмес. Ал көзөмөл органынын мындай чечимине Мадумаровду шайлоо жарышынан четтетүүнү каалаган Садыр Жапаров таасир этиши мүмкүн деп эсептейт.

«Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн» деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегениңиз деп түшүндүм. Мындай жол менен сиз мыкты атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз. Сиздин жеңиштен күмөн санап жаткаңыздын — бул жакшы. Премьер-министрлик кызматты жана мыйзамсыз президенттин милдетин аркалаган кыска убакыт аралыгында биздин шордуу элибиз үчүн канчалаган азап алып келгениңизди түшүнө баштаганыңыздын өзү жакшы», — деп кайрылган Мадумаров Жапаровго.

Ошондой эле ал Жапаровдун аймактарга болгон иш сапарларында да мыйзамсыз үгүт иштери болушу мүмкүндүгүн эскерткен.

«Сиз аймактарды кыдырып, экономикалык, социалдык жана аймактык көйгөйлөрдү чечүүнү убадалап, парламенттик жана президенттик шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу программаңызды сунуштап келбедиңизби», — деп билдирген Мадумаров.

Талапкерге карата шайлоочулардын негативдүү мамилесин пайда кылуу

Укук коргоочулар доо арызында белгилеген шайлоо мыйзамын бузуунун дагы бир учуру — бул президенттикке талапкерлердин 24-ноябрдагы басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу. Анда Клара Сооронкулова, Токтайым Үмөталиева, Садык-Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Бектур Асанов, Кубанычбек Токтосунов жана Бактыбек Жумабеков Садыр Жапаров тарабынан мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып чыгышкан.

Басма сөз жыйындын катышуучусу жана президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарын мыйзамсыз агитация жүргүзүүгө пайдаланып жатат деп билдирген.

«Ал бардык аймактарды агитация аянты катары колдонуп кыдырып чыкканга жетишти. Шайлоого катардагы жаран катары барам деп убада берген. Кечээки маегинде бардык саясий чечимдер Жапаровдун кийлигишүүсү менен кабыл алынып жатканы белгилүү болду. Шайлоонун адилет жана таза өтүшү чон күмөн жаратууда», — деп билдирген Сооронкулова.

Ал Жапаров тарабынан мыйзам алдында бардыгы бирдей деген принцип аяк астында калып жатат жана кезексиз президенттик шайлоо кезектеги ыплас, адилетсиз компанияга айланып калышы мүмкүн деп эсептейт.

Президенттикке талапкер конференциянын башка катышуучусу Каныбек Иманалиев болсо таптакыр эле Жапаров жогорку билим жок мамлекет башчылык кызматта аркалай албай деп белгилеген.

«Садыр Жапаров президент болсо, ал акыркы жүз жылдагы Кыргызстандын эң сабатсыз өлкө башчысы болот. Ал Дене тарбия институтун сыртынан бүтүргөн», — деди Иманалиев.

«Демократия үчүн коалиция» уюуму өз ойлорун айтып чыккан талапкерлер, меди аянттарды саясий оппоненттери тууралуу орой сөздөрдү сүйлөөгө колдонбошу керек деп эсептейт. Укук коргоочулардын айтымында, бул шайлоочулардын пикирине таасир бериши мүмкүн.

«”Президенттик шайлоо жөнундөгү” Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер эфир убактысын жана басма сөз каражаттарын, агитация үчүн берилген телевидениенин аянттарын, талапкер же саясий партияга карата шайлоочунун терс пикирин жаратуу үчүн колдонууга тыйуу салынган», — деп белгиленген доо арызда.

Талапкер Каныбек Иманалиев укук коргоочулардын шайлоо мыйзамы бузулду деген айыптоолоруна макул болгон жок. 24.kgге курган маегинде ал «Демократия үчүн коалициясы» «бийлик өкүлдөрүн тейлеп жатат» деп билдирди.

«Бул уюм мындан ары адам укуктарын жана жалпы демократиялык баалуулуктарды коргобойт [...] Бул мыйзам бузуу эмес. Биз азырынча расмий түрдө талапкер болбогондуктан, мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин кылган эмеспиз. Учурда кол топтоо болуп жатат, ошондой эле азырынча бизди каттай элек», — деди Иманалиев.

«Коалициянын» башчысы Эрик Ирискулбеков жооп кылып, укук коргоочулардын кайрылуусунда калыссыз мамиле жоктугун белгиледи. Анын айтымында, талапкерлер жактан мыйзам бузуу болуп-болбогонун БШК гана аныктай алат.

«Эгер БШК басма сөз жыйында жашыруун үгүттүн элементтерин аныктабаса, ал даттануубузду канааттандырбай коё алат. Биз болгону БШКдан буга көңүл буруп коюуну жана түшүндүрмө берүүнү суранып жатабыз», — деди Ирискулбеков.

Президенттик шайлоо

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. БШКга 60тан ашуун талапкер арыз берип, бирок айрымдары шайлоо өнөктүгүнө катышуудан артка чегинди.

Президенттикке талапкерлердин арасында Садыр Жапаров да бар. Ал 14-ноябрда президенттин м.а. жана премьер-министрлик ыйгарымдарын тапшырган.

Жапаров бир ай убакыт ичинде иш сапары менен Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырган. Ар бир облустта Жапаров жергиликтүү эл менен массалык жолугушууларды өткөрүп келген. Мындай чогулуштарга жүздөгөн адамдар келген жана ал жакта санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталган эмес.

Жапаровдун аймактарга саякаты расмий эмес шайлоо агитациясындай элес калтырган. Жергиликтүү тургундар менен болгон ар бир жолугушууда Жапаров алардын жашоосун жакшыртуу, чек ара көйгөйлөрүн чечүү убадасын берген.