Акыркы суткада коронавирустун жаңы 175 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 22-декабрда коронавирустун жаңы 175 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 66сында COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 109унда клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 48;

Чүй облусу — 41;

Ысык-Көл — 31;

Жалал-Абад облусу — 12;

Ош облусу — 11;

Баткен облусу — 16;

Ош шаары — 2;

Талас облусу — 7;

Нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 79 429га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 26 287. Ал эми Чүй облусунда — 11 049, Ош облусунда — 8 132, Жалал-Абадда — 9 710, Ысык-Көлдө — 6 983, Ош шаарында — 5 473, Баткенде — 7 080, Нарын облусунда — 2 218 жана Талас облусунда — 2 497 учур катталды.

Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 890.

Ошондой эле, акыркы суткада 295 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 105, Жалал-Абад облусунда — 22, Ош облусунда — 16, Ош шаарында — 6, Баткен облусунда — 15, Чүй облусунда — 68, Ысык-Көл облусунда — 49, Нарын облусунда — 6, Талас облусунда — 8 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 73 300 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 472 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 73 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 429 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — үч жана Ысык-Көл облусунан — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 335 киши көз жумду. Анын ичинен 927си эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.

Мындан сырткары, өлкө боюнча эки медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан жана Ысык-Көл облусунан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада алты медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 075ге жетти, анын ичинен 3 847 медкызматкер илдеттен айыкты.