Жапаров бийлик бутактары кандай бөлүнүшү керектигин айтты

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров «Ким экен?» программасында Элдияр Кененсаровго маек куруп, Кыргызстанда бийлик бутактары кандай болушу керектигин айтты. Ал алып баруучунун Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик бийликти күчтөндүрүүнү туура деп эсептеп-эсептебеси жөнүндөгү суроого минтип жооп берди.

«Бүгүн бизде үч бийлик бутагы бар: парламент, президент жана өкмөт. Биз системаны бийликтин бир бутагы кадр маселесин чечкидей кылып түзүшүбүз керек. А бизде бүгүн үч бийлик бутагы чечип жатат», — деди Жапаров.

Анын пикиринде, партиялык тизме менен шайланган парламенттеги көпчүлүк коалиция «өлкөнү үчкө бөлүп» өз кадрларын дайындап жатат. Ошол эле учурда, президент жана премьер-министр «өзү билгендей» кадр саясатын жүргүзөт.

«Биз мунун баарын бир системага, президенттикке бириктирдик. Ошол эле учурда, тең салмактуулук сакталып, судьялар парламенттин чыпкасынан өтүшү үчүн сот системасын парламентке бердик. Ошондой эле, өкмөттүн толук курамы, премьер-министрден баштап башка министрлерге чейин Жогорку Кеңештен өтүшү керек», — деп эсептейт талапкер.

Ошол эле кезде, Жапаровдун пикирине ылайык, парламент өкмөттүн бардыгын түзбөшү керек, болбосо «коррупциялык элементтер» башталып, компетентсиз адамдар дайындалат. Ошондуктан бул «башаламандыкты» тазалоо үчүн Жапаров президенттин м.а. болуп турганда системаны алмаштырууну чечкен.Жапаров парламентти президенттик бийликке каршы тең салмакты сактай турган бийликтин жалгыз бутагы катары атады.

Бийликтин бөлүнүшү тууралуу принцип

Бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутагына бөлүү принцибин англиялык философ Жон Люкк сунуштап, аны Агартуу доорунда франциялык укук таануучу Шарль Луи де Монтескьё өнүктүргөн.

Бул система бийликти бири-биринен көз каранды эмес бийлик бутактарынын ортосунда бөлүштүрүүнү шарттайт, ал ошол эле учурда бийлик бутактарын теңдеп, көзөмөлдөп турат. Кыргызстанда мыйзам чыгаруу бийлигин негизинен, парламент ишке ашырат.

Мыйзамдардын аткарылышына жана өлкөнүн сырткы байланышына министр жана анын ведомстволору баштаган өкмөт жооп берет. Сот бийлиги болсо мамлекет менен жарандардын ич ара жана юридикалык тараптар менен чыр чатагын жөнгө салат.

Учурда колдонуудагы Конституцияда бийлик бутактарынын ыйгарымдары менен милдеттери так жазылган. Ал бийликтин бардыгы алардын бири тарабынан узурпация болбошу үчүн тең салмак системасын кепилдейт.