Акыркы суткада коронавирустун жаңы 186 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 24-декабрда коронавирустун жаңы 186 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 86сында COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 100үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 62;

Чүй облусу — 43;

Ысык-Көл — 34;

Жалал-Абад облусу — 11;

Ош облусу — 8;

Баткен облусу — 11;

Ош шаары — 6;

Талас облусу — 5;

Нарын облусу — 6.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 79 845ке жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 26 420. Ал эми Чүй облусунда — 11 163, Ош облусунда — 8 164, Жалал-Абадда — 9 728, Ысык-Көлдө — 7 053, Ош шаарында — 5 483, Баткенде — 7 100, Нарын облусунда — 2 226 жана Талас облусунда — 2 508 учур катталды.

Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 263.

Ошондой эле, акыркы суткада 309 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 111, Жалал-Абад облусунда — 23, Ош облусунда — 10, Ош шаарында — 10, Баткен облусунда — 16, Чүй облусунда — 100, Ысык-Көл облусунда — 27, Нарын облусунда — 5, Талас облусунда — 7 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 73 870 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 418 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 78 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 320 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — эки жана Баткен облусунан — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Анын ичинен экөө эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 340 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча жети медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан жана Ысык-Көл облусунан — экиден, Чүй, Баткен, Талас облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада беш медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 087ге жетти, анын ичинен 3 865 медкызматкер илдеттен айыкты.