Соода борбору, 9 батир жана 1,4 млрд сом. Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду төгүп бүттү — УКМК

Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төгө турган 2 млрд сомду толук төлөп бүттү. Бул тууралуу 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Матраимов бул сумманын 1,4 млрд сомун Каржы министрлигинин атайын эсебене которуп, калган бөлүгүн соода борбору жана тогуз батир менен төлөп берген.

«Соода борборун мамлекетке өткөргөн жатабыз. Тогуз батирди УКМКнын кызматкерлери үчүн алып калабыз. Анын ичинен бир чоң батир бар — 250 же 280 чарчы метр. Бул батирде, албетте, кызматкерлер ичинен эч ким жашай албайт. Аны кайсыл бир балдар үйүнө же соцмекемелерге өткөрүп бергибиз келет», — деди УКМКнын башчысы.

Анын айтымында, Матраимовдун иши боюнча материалдар маңызы боюнча кароо үчүн жакынкы күндөрү сотко өткөрүлөт.

Кыргызстандын мыйзамында Матраимов келтирген чыгымдын ордун толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деген жобо жок — Жазык кодексине сунушталган мындай түзөтүүлөр азырынча коомдук талкууда каралып жатат.

УКМК берген маалыматка ылайык, Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогу каралып жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.

«УКМК тарабынан кыска убакыт аралыгында бажы тармагындагы коррупциялык схеманы бузуу жана маанилүү, барынан дагы Матраимовдун күнөөсүнүн танып кете алгыс далилдерин аныктоо боюнча зор иштер аткарылды», — деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев Матраимов 2 млрд сом зыянды Кыргызстандын ичиндеги ишмердүүлүгүнүн негизинде келтиргенин белгиледи. Анын айтымында, Матраимов күнөөсүн гана мойнуна албастан, «кылмыштын башка катышуучуларынын жүзүн ачууга көмөктөшкөн».

Матраимовдун иши

Матраимовдун кармалышы

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранты.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал убакта мамлекет башчысынын жана премьер-министрдин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров 12-ноябрда саясий чечим чыгарганын, ошондуктан Матраимов коё берилгенин түшүндүргөн.Анын айтымында, ал чечим чыгарууда дүйнөлүк тажрыйбага таянып, эгер Матраимов акчанын бир бөлүгүн кайтарып берсе, анда ал мамлекетке пайда келтирген болот деп ойлогон.

«Матраимовдун иши сотко өткөн жок. Ал уурдаган ачаны мамлекеттин бюджетине кайтарып берсин деп, мен саясий чечим кабыл алдым. 30 жыл ичинде көптөрдү камадык, бирөөсү дагы өлкөгө уурдаганын кайтарып берген жок. Мисалы, Атамбаевдин канчалаган адамдары камакка алынды, бирөөсү акчаны ордуна койдубу? Камакка алуудан өлкөгө пайда келбейт, акчаларды артка кайтаруу керек. Бул дүйнөлүк практикада дагы бар? », — деп айткан Жапаров.

Ал УКМК кызматкерлери экс-бажычыны камакка алууга даяр болуп калганын, бирок үзөңгүлөшү, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин чечим кабыл алганын белгилеген.

«Ошондо мен саясий чечим кабыл алып УКМКнын башчысынын сурандым, “муну камап койгон менен эмне пайда” дедик. Бизде 6-7 саат ошондой жыйын өттү. Өзү дагы [Райымбек Матраимов] ачыгын айтты, “мени камап койгон менен эч нерсе келбейт, андан көрө мамлекеттен алганымды, же болбосо мыйзамсыз байыган мүлктөрдүн, акчанын барын Кыргызстанга кайра алып келип киргизип берейин” деп сурангандан кийин ушундай саясий чечим кабыл алдык», — деген Жапаров.

Аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөө

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.