Акыркы суткада коронавирустун жаңы 180 учуру катталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 25-декабрда коронавирустун жаңы 180 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 65инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 115инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 67;

Чүй облусу — 60;

Ысык-Көл — 15;

Жалал-Абад облусу — 4;

Ош облусу — 14;

Баткен облусу — 8;

Ош шаары — 1;

Талас облусу — 7;

Нарын облусу — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 80 025ке жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 26 487. Ал эми Чүй облусунда — 11 223, Ош облусунда — 8 178, Жалал-Абадда — 9 732, Ысык-Көлдө — 7 068, Ош шаарында — 5 484, Баткенде — 7 108, Нарын облусунда — 2 230 жана Талас облусунда — 2 515 учур катталды.

Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 263.

Ошондой эле, акыркы суткада 307 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 95, Жалал-Абад облусунда — 27, Ош облусунда — 6, Ош шаарында — 40, Баткен облусунда — 20, Чүй облусунда — 59, Ысык-Көл облусунда — 35, Нарын облусунда —11, Талас облусунда — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 74 177 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 358 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 67 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 246 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өлкө боюнча беш медкызматкерден коронавирус аныкталды. Талас облусунан — эки, Бишкек шаарынан, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада он медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 092ге жетти, анын ичинен 3 865 медкызматкер илдеттен айыкты.