Финпол Оштогу бажычыларга кылмыш ишин козгоду

24-декабрда финансылык полициянын Ош шаары боюнча башкармалыгы Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Буга чейин ведомство «калыптанып калган экономикалык аткезчилик» түзүмдүн бетин ачкан болчу. Ага ылайык, бажы кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, контрабандалык товарды «Достук» өткөрмө пункту аркылуу алып өтүп турушкан.

«Аталган факты Кылмыш жана жоруктарындын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Аткезчилердин кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген чыгымдын ордун толтурууга багытталган иштер башталды», – деп билдиришти финполдон.

Ошол эле мезгилде, өлкөгө кандай зыян келтирилгени, канча кызматкер аткезчиликке шектелип кармалганы тууралуу такталган маалымат жок.

Матраимовдун иши

24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төгө турган 2 млрд сомду толук төлөп бүткөнүн билдирген.

Матраимов бул сумманын 1,4 млрд сомун Каржы министрлигинин атайын эсебене которуп, дагы 600 млн сому соода борбору жана тогуз батир түрүндө мамлекеттин кирешесине айлантылган.

Ташиев Матраимов 2 млрд сом зыянды Кыргызстандын ичиндеги ишмердүүлүгүнүн негизинде келтиргенин айткан. Анын айтымында, Матраимов күнөөсүн гана мойнуна албастан, «кылмыштын башка катышуучуларынын жүзүн ачууга көмөктөшкөн».

Ташиев Матраимовдун иши боюнча материалдар маңызы боюнча кароо үчүн жакынкы күндөрү сотко өткөрүлөрүн кошумчалаган.

Кыргызстандын мыйзамында Матраимов келтирген чыгымдын ордун толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деген жобо жок. Бирок Жазык кодексине сунушталган мындай түзөтүүлөр учурда коомдук талкууда.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.

«УКМК тарабынан кыска убакыт аралыгында бажы тармагындагы коррупциялык схеманы бузуу жана маанилүү, барынан дагы Матраимовдун күнөөсүнүн танып кете алгыс далилдерин аныктоо боюнча зор иштер аткарылды», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.