Матраимовдун мүлкү маммүлк фондунун балансына өтүшү керек — Сурабалдиева

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева твиттеринде мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун батирлерин УКМКнын балансына берилиши боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, аталган батирлерди мамлекеттин балансына берүүнүн жалгыз мыйзамдуу жолу — бул аларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун баласына өткөрүү болуп саналат.

Элвира Сурабалдиева Маммүлк фонду батирлерди соттун чечими боюнча гана кабыл ала аларын белгиледи. Андан кийин алар аукцион аркылуу сатылышы мүмкүн, ал эми андан түшкөн каражат республикалык бюджетке түшүшү керек.

«Башка мыйзамдуу жол жок. Мен вице-премьер-министр катары башка токтомдорго кол койбойм», — деп жазды ал.

Мурдараак УКМКнын башчысы Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген.

Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

«Соода борборун мамлекетке өткөргөн жатабыз. Тогуз батирди УКМКнын кызматкерлери үчүн алып калабыз. Анын ичинен бир чоң батир бар — 250 же 280 чарчы метр. Бул батирде, албетте, кызматкерлер ичинен эч ким жашай албайт. Аны кайсыл бир балдар үйүнө же соцмекемелерге өткөрүп бергибиз келет», — деп билдирген УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.

Ал эми эмне себептен батирлер күч түзүмдөрүнө берилди, пандемияда жабыр тарткан медиктерге же мугалимдерге берсе болот беле деген журналистин суроосуна, Ташиев «ал жерде болгону 9 батир, 900 эмес» деп жооп берген.

«Муну биз чечтик. Биз батирлерди ондогон жылдар бою, 20-30 жылдап кызматта иштеп, батирлерде жашап жаткан УКМКнын кызматкерлерине берүүнү чечтик. Ушул балдарга беребиз», — деп айткан ал.

Матраимовдун иши

Ташиевдин айтымында, Матраимовдун иши боюнча материалдар маңызы боюнча кароо үчүн жакынкы күндөрү сотко өткөрүлөт.

Кыргызстандын мыйзамында Матраимов келтирген чыгымдын ордун толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деген жобо жок. Бирок Жазык кодексине сунушталган мындай түзөтүүлөр парламент тарабынан жактырылган, эми президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол коюшу керек.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.