Маркум Бейшенбек Бекешов

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов 27-декабрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 61 жашта болчу. Жакындары анын капысынан эле жүрөгү кармап каза болгонун кабарлашты.

Бекешов 1988-жылдан тарта Улуттук телерадиокорпорациясында редактор, андан соң 2009-жылы ЭлТР МТРКда башкы директордун орун басары болуп эмгектенген. Ошондой эле, «Коломто» автордук программасын алып барчу. Бекешовдун сөөгү 29-декабрда кичи мекени Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылына коюлат.

Бекешовду эскерүү

Маркумдун кесиптеши «ЭлFM» радиосунун башчысы Таштемир Жалиев «Эскерүүбүз жана кылган дубабыз гана жетет эми маркумга» деп жазды. Ошондой эле, Бекешовду өзгөчө журналист, идеялуу инсан, акылгөй киши деп сыпаттап, көрсөтүүлөрүндө кандай принцип тутунса, жумушунда да, турмушунда да ошол принципте болгонун айткан.

«Бекешов чындык үчүн күрөшкөн, айбыкпаган мүнөз тутунду. КТРде көп жыл профсоюздук уюмду жетектегенин, кесиптештеринин укугун коргоп, андагы терс көрүнүштөргө көз жумбай, проблеманы көтөрө билген. КТРди 2005-жылы толкундоолордун күчү менен талкалайбыз дегендердин алдын тосуп, керек болсо айрым жоон муштумдардын келтегин жеп калайын десе да бекем туруп, башкы директордун орун басары катары айтаар сөзүн айтып, ал жерди катуу талкалоодон алып калганы азырга чейин аңыз кеп болуп жүрөт. КТРге кийин айрым делбектеген жетекчи келип, аны куугунтукка алса да принцибин бербей, калыс ойдон кайткан эмес», — деп эскерет Жалиев.

Журналист Эрнис Кыязов «адамдарга айта жүргөн жакшы сөздөрүңүздү, жасаган жакшы иштериңизди бу жалган дүйнөдөгү биздей тирүүлөргө өрнөк кыла жашадыңыз да, чын дүйнөгө кеттиңиз» деп кейиген.

Бекешов 2015-жылы журналистикадан кеткенден кийин жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн. Ал Бишкекте «Айыл азыгы» деген дүкөн ачып, табигый азыктарды сата баштаган. Маркум «Марал FM» радиосуна маек куруп жатып, «Биз Европа менен таза азык, таза сууларыбыз менен атаандаша алабыз» деп айтканы бар.

«"Ич, ич" деп кыстап турчу кымызыңыз, бозоңуз турчу бурчтагы үстөл-стулдарыңыз, "О-оо Бейшекемин дүкөнү!" деп баарыбыз барып турчу кыргыз жыттанган дүкөнүңүздө бүгүн эл топурап сумсаят», — деп эскерген Кыязов.

Ал эми дагы бир кесиптеши Аскер Сакыбаева Бекешовдун «Айыл азыгы» дүкөнүнүн филиалдарын ачуу максаттары бар болчу деп эскерген.

«Дүкөнгө бара берейин десем, "Аске, мен барда келегой" деп, барганда экөөбүз бозо ичип бир топ сүйлөшүп отурбадык беле? Пейил жөнүндө, кыргыздын пейили тууралуу кенен сүйлөштүк эле. Ар бир ишти чын пейилден жасаса ал иш өтөөсүнө чыгаарын айтып бердиңиз эле байкем ай… "Айыл азыгын" Бишкекке бир топ ачыш керек дечү элем. Сиз "ал иш көңүлдө" дечүсүз. Эми эмне болот?», — деген Сакыбаева.

«Клооп» редакциясы Бейшенбек Бекешовдун жубайына, балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!