Бишкекте кыз ала качууга аракет кылгандар кармалды

Бишкекте кыз ала качууга аракет кылган жигиттердин максаты ишке ашкан жок. Окуя 25-декабрь түнү 7-кичи райондо болгон. Кыз ала качууга аракет кылгандардын видеосун @ertaisfr аттуу колдонуучу социалдык тармакка жүктөгөн.

Бир нече адам Toyota Ipsum унаасына жаш кызды күч менен отургузуп, айдап кетүүгө аракет кылган. Бул көрүнүштү байкап калган бир аял менен эркек киши аларды артынан кууп жөнөгөн. Түгөйлөр кыз ала качкандардын унаасын кууп жетип, кызды куткарып калышкан.

Видеонун авторунун айтымында, жаш кызды бошотуп алгандан кийин окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген.

Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматы криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери куушуп бараткан унааларды, анда Toyota Ipsum унаасы Юнусалиева көчөсү менен түштүк-чыгышты көздөй, арткы эшиктери ачык абалында жүрүп бара жатканын байкаган деп билдирди.

Милиция кызматкерлери унааны кууп жеткенде, ичинде бир кыз жана үч жигит болгон.

Кармалгандар окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты КЖБРге «Адам уурдоо» беренеси менен катталган. ИИБ шектүүлөрдүн өздүгүн тактаган. Алар 1992, 1993 жана 1994-жылы туулган жарандар болуп чыккан.

Ала качууга дуушар болгон кыз 20 жашта экени белгилүү болгон. ИИБден билдиришкендей, жабырлануучу кармалган адамдарга карата «доосу жок» экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Бирок мыйзам боюнча, милиция аларды жоопко тартууга милдеттүү — адам уурдоо үчүн алар 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн.

«Бишкектеги феминисттик демилгелер» (БФД) бирикмеси бул окуяны сынга алды. Алар ИИМге кайрылып, күнөөлүүлөрдүн бардыгын кармап, жазадан кутулуп кетүүгө жол бербөөнү талап кылышты.

«Гендерлик уюмдар жана активисттердин иши текке кетпептир. Адамдар арасында адам уурдоо бул кылмыш деген түшүнүк пайда боло баштады. Бүгүн түнү бир кызды сактап калышты, эми ИИМден бул боюнча отчёт талап кылабыз. Эч кимисин бошотпош керек, анткени алар эртеси күнү жабыр тарктан кызды коркутушу мүмкүн. Эсиңиздерде болсо, Бурулайды биринчи жолу ала качканда дагы колдон чыгарып жиберген болчу», — деп билдиришти БФД.

Кыргызстандагы кыз ала качуу

«Бишкектеги феминисттик демилгелер» уюму өз кайрылуусунда мисал келтирген Бурулай Турдалы кызынын окуясы — бул акыркы жылдардагы Кыргызстандагы кыз ала качууга байланышкан иштердин эң аянычтуусу.

Бурулай Турдалы кызынын өлүмү коомдо чоң резонанс жараткан. Бурулайдын өлүмү өлкөдөгү көйгөйлүү ала качуу тууралуу гана эмес, кыргыз милициясынын компетенттүүлүгү маселеси боюнча да коомдук резонанс жараткан.

Биринчи ала качуу 2018-жылы 4-майда болгон, бирок анда Бурулайды үйүнө жеткирип беришкен, ал эми кыздын үй-бүлөсү милицияга арыз жазган эмес.

Бирок ала качкан жигит экинчи жолу да кылмышка барган. Ошол айдын аягында кызды кайрадан үйүнүн тушунан ала качып кеткен. Бирок милиция уурдагандарды колго түшүргөн. Милиция бөлүмүндө Бурулай менен кылмышка шектүүнү бир бөлмөгө калтырып коюшкан, андан соң ал Бурулайга кол салып, жабырлануучу бычак жеп кайтыш болгон.

2018-жылдын декабрь айында Бурулайды өлтүргөн адам 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилип, мүлкү конфискацияланган.

Коомдо жаралган резонанстан кийин бийлик өкүлдөрү олутту билдирүүлөрдү жасап, «мындай окуялар кайталанбайт» деген пикирлерин айтышкан. Бирок кыздарды никеге туруу үчүн күчкө салып ала качуу, алар үйүнө кайтып барбашы үчүн зордуктоо, уруп-сабоо токтогон жок.

Эч нерсеге карабай отуруп калбагандар же ала качуудан кутулуп чыккандар көп учурда ала качкан тараптын кысымы же өтүнүчүнөн кийин аларга карата арыз жазышпайт. Мындан улам мыйзам бузгандар жазаланбай калат. Андан соң Бурулайдын мисалындай кайрадан кылмышка барат.

Кыргызстандын Жазык Кодексине ылайык, зордоп никеге тургузуу үчүн адам урдоо кылмышы 5 жылдан 7 жылга чейин эркижен ажыратуу менен жазаланат. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин кесилет жана 200 миң айып төлөөгө милдеттендирилет.