Кыргызстан COVID-19 менен күрөшүүгө 346 млн доллар алган, анын көпчүлүгү насыя

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылы Кыргызстан COVID-19 менен күрөшүүгө 346,8 млн доллар өлчөмүндө сырттан акча алган. 2021-жылга карата кошумча 427 млн доллар каражат келиши күтүлүүдө.

Бийлик жалпы COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө 774 млн доллар тартууну максат кылып жатат. Анын ичинен 177 млн доллары гана гранттык каражат, калган 597 млн — кредиттер.

Ири кредитор катары Кыргызстанга 242 млн доллар насыя берген Эл аралык валюта фонду аталууда (ЭВФ).

Коронавирустун пандемиясынын жана Кыргызстандагы саясий окуялардын шартында өлкөдө экономикалык кризис башталган. Бюджеттин тартыштыгы рекорддук 35,6 млрд сомго жеткен.

Кыргызстандын бийлиги бир жыл аралыгында коңшу мамлекеттерге жана эл аралык донорлорго финансылык жардам сурап көп ирет кайрылган.

Июнь айында өкмөт коронавируска жана анын кесепеттерин жоюуга болгону 645 млн долларга чукул каражат сарптоону пландап жатканын билдирген. Бул республикалык бюджеттеги 15,7 млн доллар, дээрлик 2,2 млн доллар кайыр садага жана эл аралык уюмдардын акчасы.

Өзгөчө абал (ӨА) режими убагында мамлекет мамсатып алуулар тууралуу мыйзамды өзгөрткөнү да көйгөйдү ырбатып, каражаттарды сарптоодо чоңураак жашыруундукка алып келди.

Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар марттын ортосунда катталган, ушул эле убакта Финансы министрлиги каражаттарды чогултуу тууралуу жарыя кылып, «өз салымын кошкусу келген ар бир кайдыгер эмес жаранды» акчаны кайыр садагага берүүгө чакырган.

Ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн мамлекет атайын веб-сайтты ишке киргизген. Ал жактан жарандар чогулган акчанын жалпы көлөмүн, алардын булагын, аны мамлекет кантип коротуп жатканына көз салып тура алат деп айтылган.

*Бирок сайт көп убакыттан бери иштебей турат

Кайдыгер эмес жарандар дээрлик 160 млн сом кайрымдуулук кылышкан. Алардын ичинен көбү медкызматкерлерге ашыкча иштегени жана вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон шартта иштегени үчүн компенсация катары төлөөгө жумшалган. Бирок медиктердин көпчүлүгү компенсация албаганын, же аларга каражаттын бир бөлүгүн гана төлөп беришкенин айтып арызданышууда.