Акыркы суткада коронавирустун жаңы 189 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 30-декабрда коронавирустун жаңы 189 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 68инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 121инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 65;

Чүй облусу — 63;

Ысык-Көл — 24;

Жалал-Абад облусу — 10;

Ош облусу — 13;

Баткен облусу — 8;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 80 843кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 26 770. Ал эми Чүй облусунда — 11 461, Ош облусунда — 8 236, Жалал-Абадда — 9 778, Ысык-Көлдө — 7 175, Ош шаарында — 5 507, Баткенде — 7 129, Нарын облусунда — 2 249 жана Талас облусунда — 2 538 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2327.

Ошондой эле, акыркы суткада 290 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 96, Бишкек шаарынан — 93, Жалал-Абад облусунда — 23, Ош облусунда — 17, Ош шаарында — 8, Баткен облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 36, Нарын облусунда — 7, Талас облусунда — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 75 624 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 165 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 55 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 791 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 354 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча төрт медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада тогуз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 112ге жетти, анын ичинен 3 910 медкызматкер илдеттен айыкты.