«Мыйзамдуулук же башаламандык». Бишкекте парламентаризм үчүн митинг өттү

Бишкекте 5-январь күнү эски аянтта парламентаризм үчүн митинг болуп, өкмөт үйүнүн алдына 200гө чукул адам чогулду.

Митингде президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров жана Каныбек Иманалиевдер сөз сүйлөп, чогулгандарды 10-январда парламенттик башкаруу формасын колдоп добуш берүүгө үндөштү.

Мадумаров өз сөзүндө 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин митингин кыргызстандыктардын эсине салды. Анын айтымында, элдин добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы өлкөдөгү бийлик алмашууга алып келген.

«5-октябрда эл өкмөт, президент кетсин деп чыккан жок. Өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылсын деп чыкканбыз. Биз бийликти башка кимдир бирөө басып алсын деп чыккан эмеспиз. Биз Конституция үчүн деп чыкканбыз. Биз элдин үнү угулсун дегенбиз. Бизге мыйзамдуулук керек», — деди ал.

Анын айтымында, көптөгөн мыйзам бузуулар аркылуу бийликке келген адамдар бийлигин бекемдөө үчүн Конституцияны өзгөртүүнү самап жатышат.

«[Конституциянын] бул беренеси мага жагат иштей берсин, бул беренелер жакпайт, демек, мага жакпаса иштебей турсун — деген болбойт, андай нерсе бир дагы өлкөдө жок. 20-декабрда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы болушу керек эле, парламент шайланышы керек эле [...] андан кийин президенттик шайлоонун күнүн белгилөө керек эле. Ошондуктан Орусиянын президенти эмне деп айтты? “Кыргызстанда аягы көрүнбөгөн башаламандык” деп айтты», — деди Мадумаров.

Ал муну менен катар 10-январдагы референдумда кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандоосу керектигин, же болбосо «бардык варианттарга каршы» добуш берсе болорун эскертип өттү. Анын айтымында, жарандарга көбүрөөк добуш берүү варианты сунушталышы керек болчу.

«10-январда кыргызстандыктарда эки гана жол бар — мыйзамдуулук же башаламандык. Алар Кыргызстандын элине эки гана башкаруу формасын тандоого мүмкүндүк беришти — президенттик же парламенттик, чынында варианттар көп болушу керек эле. Жогорку Кеңеш Конституцияны окубай туруп эле референдум өткөрүүнү чечти», — деп билдирди талапкер.

Башкаруу формасын тандоо боюнча референдум

Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында бир күндө өтөт өтөт.

Башкаруу формасын аныктоого багытталган референдум өткөрүү мыйзамын парламент 10-декабрда, дароо үч окууда жактырган. Мыйзам долбооруна макул деп алтымыш депутат добуш берген. Ага болгону төрт каршы добуш берген — Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева жана Каныбек Иманалиев.

Референдум —Жапаровдун 6-октябрда тарапташтары тарабынан колониядан бошонгондон кийинки өзүн колдогондорго берген убадаларынын бири.

Юристтер жана көз карандысыз байкоочулар референдумду дайындоодо көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыгышкан. Алардын ою боюнча, аны жалгыз демилгелеген алтынчы чакырылыштын депутаты Акылбек Жапаров Конституцияны бузду жана анда бул долбоорду чыгарууга да ыйгарым укугу жок болчу.

Алар президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өтүшүнө макул эмес. Алардын пикиринде, кыргызстандыктар талапкерлердин шайлоо алдындагы программасы менен таанышып, референдумга коюлган суроолорду талдап чыгууга үлгүрбөйт.

Ал эми Жапаров акча үнөмдөп калуу үчүн референдум менен президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштаганын билдирген. Ал толкундоолордон кийин өлкө жарандарын ушул маселе тынчсыздандырат деп эсептейт.