Адвокат Нурбек Токтакунов Садыр Жапаровдун эки жолу соттолгондугун жокко чыгарган документтерди эл алдында анализдөөсүн улантып жатат.
Токтакуновдун кесиптеши, адвокат Урмат Сыдыков УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү Нурмат Мамбетакуновдун адамдарды барымтага алуу иши кыскартылгандыгы тууралуу токтомун жарыялаган. Бул иш боюнча Жапаров күнөөлүү деп табылган жана 11,5 жылга эркинен ажыратылган болчу — ал колониядан 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бошотулган.
Жапаров бошотулгандын эртеси иштин материалдары Жогорку соттун коллегиясы тарабынан Башкы прокуратурага кайрадан тергөө үчүн жөнөтүлгөн. Соттор ишти кайрадан кароого жөнөтүү үчүн Жапаровдун адвокаты Замирбек Базарбеков сунуштаган жаңы ачылган жагдайлар жетиштүү деген бүтүмгө келишкен.
Башкы прокуратура ишти УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жөнөтүп, алар кылмыш белгилери болбогондуктан ишти кыскартууну чечкен.
УКМК кандай чечим кабыл алган?
Негизинен, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы адвокат Базарбековдун иштин жаңы жагдайлары катары Жапаров менен күбө К.Жумабаевдин ортосундагы митинг жана барымтага алуу тууралуу телефондук сүйлөшүүнүн табуляграммасы жоктугу тууралуу билдирүүсүнө таянышкан.
УКМК тергөөчүсү күбө катары суралган адам сүйлөшүүлөр жүрдү деген конкреттүү номурларды бербегенин, ал эми уюлдук операторлор тарабынан маалыматтарды сактоо мөөнөтү соңуна келгенин белгилеген.
«Тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн калабына келтирүү үчүн бүгүнкү күндө кандайдыр бир тергөө жана атайы аракеттерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жок деп эсептейт […] Мындан улам С. Жапаров менен К.Жумабаевдин кылмыш кылгандыгы тууралуу сүйлөшүүсүн, Жумабаевдин өзүнүн сөзүнөн башка далилдер аркылуу тастыкталган жок. Буга байланыштуу Жумабаев айткан маалыматтардын чын экендиги күмөн жаратат», — деп жазылган токтомдо.
Ошондой эле тергөөчү Мамбетакунов көрсөтмө берген дагы бир күбө Казакстанда адвокатсыз суракка алынганын, андыктан анын көрсөтмөлөрү «жол берилгис далил» болуп эсептелерин жазган.Үчүнчү күбө Жапаров жана аталган иш боюнча соттолгон Наристе Калчаев менен «жолукпаганын жана митинг тууралуу сүйлөшүүлөргө катышпаганын» айтып көрсөтмө берген.
Ушул үч күбөнүн көрсөтмөлөрү жана телефондогу сүйлөшүү Садыр Жапаровдун Караколдогу митингди уюштуруу жана барымтага алуу ишиндеги күнөөсүнүн негизги далили катары эсептелип келген.
Токтакунов эмне дейт?
Бирок Токтакуновдун айтымында, бул фактылардын бардыгы башында эле кылмыш ишинин материалдарында бар болчу.
«Токтомдо жазылгандай, барымтага алуу иши боюнча эч кандай жаңы ачылган жагдайлар болгон эмес. Бул жагдайлар иш алгач тергелип жаткан күндөн тартып эле белгилүү болгон», — деп Токтакунов фейсбукта жазды.
Токтакунов «Клоопко» курган маегинде түшүндүргөндөй, Жапаровду коргоо тарабы факт жүзүндө Жогорку сотко формалдуу жагдайларды көрсөткөн.
«Сотко белгилүү эле же болбосо [башында ишти кароо учурунда] сотко белгилүү болушу керек болгон жагдайларды көрсөтүштү. Жогорку сот өкүмдөрдү мыйзамсыз жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра жаңы кароого жөнөттү, анткен менен мындай жаңы ачылган жагдайлар жок болчу. Тергөөчү ушул чечимге таянып жатат, бирок бул жерде Жогорку соттун дагы, тергөөчүнүн бузуулары бар», — деди Токтакунов.
Юрист түшүндүргөндөй, «жаңы ачылган жагдайлар» процессуалдык жана материалдык болуп бөлүнөт. Тагырак айтканда, бул сот, прокурор же тергөөчү тарабынан кеткен катачылык же Жазык-процессуалдык кодексине ылайык жаңы пайда болгон жагдайлар болушу мүмкүн.
«Эгерде бул сот, прокурор же тергөөчү тарабынан болгон бузуу болсо, ушул ишти кароодо мыйзам бузгандарга карата тиешелүү өкүм чыгууга тийиш. Же болбосо, бул буга чейин эч кимге белгисиз, 5-октябрда гана белгилүү болгон жагдай болууга тийиш. Мындай жагдайлар жок. Ишти кыскартуу тууралуу чечимдин маңызы жок жана Садыр Жапаровду актаганга жатпайт», — деп жыйынтыктаган Токтакунов.
Эми кандай, Жапаровдун күнөөсү жок болуп калдыбы?
Анткен менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын чечимин «актоо» деп атаганга болбойт. Юрист Фатима Якупбаева «Клоопко» түшүндүрүп бергендей, Садыр Жапаровдун бул иш боюнча болгону соттуулугу гана жок, себеби өкүмдөр жокко чыгарылып, ал эми тергөөчү ишти токтоткон.
«Жазык-процесттик кодекске ылайык, окуя же кылмыштын курамы жок болгондо өндүрүш чындыгында эле токтотулат. Тергөөчүнүн баяндама жана жүйөө келтирүү бөлүгүнөн күнөөнүн далили жок делет. 26-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү (дал ушулар боюнча өндүрүш токтотулган) реабилитациялоочу болуп саналат. Демек, бул Жапаров моралдык жана материалдык зыян үчүн компенсация талап кылууга укуктуу дегенди билдирет. Бирок, реабилитацияга байланыштуу бир өзгөчөлүк бар, тергөөчү токтомунда бул тууралуу өзүнчө жазып чыгышы керек», — деп билдирди ал.Бирок Якупбаеванын айтымында, эгерде Жапаровдун күнөөлүү экендигин аныктаган жаңы далилдер табылса жана иштин мөөнөтү өтпөсө, иш кайрадан жандандырылышы мүмкүн.
Токтакунов жана Садыр Жапаровдун кылмыш иштери
2020-жылдын декабрь айынын аягында адвокат Нурбек Токтакунов фейсбук барагына Жогорку соттун Садыр Жапаровдун эки жолу соттолгондугуна карата токтомдоруна баяндама жарыялаган. Жапаровдун бийликти күч менен басып алуу иши боюнча жана иштин башка фигуранттарын сот толугу менен актаган. Жапаров күнөөлүү деп табылган барымтага алуу иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн.
Мындан улам, Жапаров колониядан бошонуп чыккандан кийин жетекчилик кызматтарды ээлегенге мүмкүнчүлүк алган. Токтакунов Жогорку соттун судьялары чыгарган чечимдердин жок эле дегенде бирөөсү мыйзамсыз, демек Садыр Жапаров президенттикке ат салышууга акысы жок болчу деп эсептейт.
Ошондой эле Жапаров Кыргызстандын премьер-министри боло албайт болчу. 14-октябрда мамлекеттик резиденцияда парламент Жапаров баштаган өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Бирок бийликти басып алуу иши боюнча актоо өкүмүн Жогорку соттун коллегиясы 16-октябрда гана чыгарган. Иш жүзүндө, ал министрлер кабинетинин башчысы катары дайындалганда соттолгондугу жокко чыгарылган эмес.