Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка кайрадан бекитти — жаңы өкмөттүн курамы

Садыр Жапаров / Артем Новиков / Равшанбек Сабиров / Максат Мамытканов / Аида Исмаилова / Бактыбек Аманбаев

Жогорку Кеңештин депутаттары 14-октябрда «Ала Арча» резиденциясында чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын жана структурасын жактырды. Жыйынга 80ден ашуун депутат келип кворум сакталганы айтылды.

Posted by Kloop on Wednesday, October 14, 2020

Эл өкүлдөрү буга чейин 6-октябрда «Достук» жана 10-октябрда «Ала Арча» резиденциясында Садыр Жапаровду премьер-министрликке жактырган токтомдорду жокко чыгарууну чечишти. Ошол эле учурда алар Жапаровдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн курамын кайрадан карап чыгып, аны бир добуш менен колдоп беришти.

Жогоку кеңештин токтомуна ылайык, жаңы бекитилген өкмөттүн курамы төмөндөгүчө:

Премьер-министр — Садыр Жапаров;

Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;

Вице-премьер-министр — Равшанбек Сабиров;

Вице-премьер-министр — Максат Мамытканов;

Вице-премьер-министр — Аида Исмаилова;

Өкмөттүн аппарат жетекчиси (министр кызмат ордунда) — Бактыбек Аманбаев;

Экономика министри — Санжар Муканбетов;

Финансы министри — Кыялбек Мукашев;

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри — Эркинбек Чодуев;

Транспорт жана жол министри — Бакыт Бердалиев;

Юстиция министри — Марат Жаманкулов;

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

Ички иштер министри — Уланбек Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;

Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;

Эмгек жана социалдык министри — Улукбек Кочкоров;

Маданият, маалымат жана туризм министри — Нуржигит Кадырбеков;

Өнөр жай, энергетика жана дер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы — Жыргалбек Сагынбаев;

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин төрагасы — Алтынбек Исмаилов.

Парламенттин төрагасы Канат Исаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилерин президент Сооронбай Жээнбеков дайындай турганын билдирди.

Конституцияга ылайык, президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министр жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарышы керек. Эгерде президент белгиленген мөөнөттө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков парламенттин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекиткен токтомун артка кайтарган болчу. Буга Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кворум сакталбай калганы себеп болгон. Кворум сакталышы үчүн жыйынга жок дегенде 61 депутат катышышы керек болчу.