«Клооптун» кызматкерлерине кол салуу. Иш кайра тергелмей болду

Ош шаардык сотунда 6-январда «Клооптун» кызматкерлерине кол салуу боюнча иш каралды. Басылма тергөөчүнүн үстүнөн жазылган арызды кабыл албай койгон шаардык прокуратураны сотко берген болчу.

Анткени тергөөчү жаблануучу Хамидулло Узаковдун ишин маанилүү күбөлөрдү сурабай, беттештирүү жүргүзбөй, кол салгандарды суракка албай кыскартып салган эле.

Иш шаардык соттун судьясы Нурлан Абдыразаков тарабынан каралып, отурумга жактоочу Мухаё Абдураупова, жабырлануучулар оператор Хамидулло Узаков жана журналист Айбике Адилет кызы катышмак.

Бирок жактоочу Абдураупованын айтымында, судья Абдыразаков Адилет кызын «пандемияга байланыштуу» отурумдан чыгарып салган. Жактоочу судьянын бул иш-аракетин «бузуу» деп эсептейт. Анткени сот ачык өтөөрү айтылган.

Мындан сырткары жактоочу жана жабырлануучу судьяга ишенбөөчүлүк билдиришкен. Анткени ал мурда прокуратурада иштеген. Бирок бул өтүнүч канааттандырылбай отурум башталган.

«Биз бул жерде бир гана журналисттик ишине тоскоолдук эмес, уурдоо, ээнбаштык фактылары да бар. Себеби кол салгандардын бирөөсү телефонду алып качып кеткен да. Ошондуктан бардык жагдайларды эске алып, тергөө толук өткөрүлбөгөнүн айтып, ишти кыскартуу боюнча токтомду жокко чыгарып, кайра тергөөгө жиберүүнү сурадык», — деп түшүндүрдү Абдураупова.

Отурумда Адилет кызынын арызы боюнча иш да кыскартылганын Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Алтынбек Акимбаев кабарлады. Иш өткөн жылы 31-декабрда кыскартылганы менен тергөөчү Илим Гуламов бул тууралуу жактоочуну да, арыз ээсин да маалымдай элек.

Ошондой эле прокурор эки иштин тең кыскартылгандыгы тууралуу токтомун прокуратура тарабынан жокко чыгарууну сунуштагап, отурум убактылуу кароосуз калтырылды.

«Негизинен аталган материалды мен бүгүн, башкача айтканда бир саат мурда окуп чыктым. Биз өзүбүз деле иш кыскарганы боюнча токтомду бузсак болот экен деген корутундум менен бөлүм башчыга кирдим. “Токтомду бузуп, кошумча тергөө жүргүзсө болот экен” деп. Ошол себептен мен жактоочуга да прокуратура өзүбүз эле токтомду бузуп берели деп айттым», — деди Акимбаев.

Мындан улам «Клооптун» жактоочусу Мухаё Абдураупова оператор жана журналисттин иши кыскартылганы тууралуу токтомдорду жокко чыгаруу үчүн прокуратурага кайрадан арыз жазды.

Абдураупова өз арызында тиешелүү органдар тарабынан журналисттерге кол салуудан сырткары «уурулук», «ээнбаштык» фактыларын аныктоо боюнча объективдүү тиешелүү чаралар колдонулбаганын жазды.

Ошондой эле арызда журналисттерге кол салган Достук Жолдошов тергөөчүгө жалган көрсөтмө бергендигин да карап чыгуу белгиленген.

«Жогоруда келтирилген аргументтерге байланыштуу, иштер кыскартылгандыгы боюнча тергөөчү Таджиев тарабынан 2020-жылдын 31-октябрындагы, тергөөчү Гуламов тарабынан 31-декабрдагы токтомду жокко чыгарып, кошумча сотко чейинки өндүрүшкө жиберүүңүздү суранам», — деп жазылат анда.

Журналисттерге кол салуу

Ош шаарында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына Памир кафесинде жайгашкан №5316 шайлоо участогунда кол салуу болгон.

Журналисттерге белгисиз эки киши түз эфирге чыгууга тоскоолдук кылган. Ошол эле күнү журналисттер кол салгандардын бири «Ош-Тазалык» муниципалдык иш Оштун полигон башчысы Достук Жолдошов экенин аныкташкан.

Ош ШИИБи «Клооптун» кызматкерлерине болгон кол салуу боюнча «Журналисттин ишине тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок 31-октябрда Узаковдун иши кыскартылганы белгилүү болду.

Шаардык милициядан буга соттук-медициналык экспертизадан оператордун денесинде жараат жок болгону менен негиздешкен. Бирок тергөөдө журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу боюнча факт эске алынган эмес.

Тергөөчүнүн ишине канааттанбагандыктан жана акыйкат тергөөнүн акыйкаттуулугунан күмөн санап «Клооп» кол салууну өзү иликтеди. Анда Жолдошов «Биримдик» партиясы үчүн иштегени аныкталды. Ошондой эле журналисттер биринчи кол салган кишини да тапты. Ал Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов болуп чыкты. Экөө тең грэпплинг менен машыгат.

«Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?