Манас Алмаматов, Достук Жолдошов жана Нурбек Исмаилов. Коллаж: Хамидулло Узаков/Kloop

Ош шаарында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына кол салуу болгон. Журналисттерге №5316 шайлоо участогунда түз эфирге чыгууга Оштун полигон башчысы Достук Жолдошов жана Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов тоскоолдук кылышкан. Милиция оператордун ишин тергеп өндүрүштөн кыскартып салды. Бирок «Клооп» кол салууну өзүбүз иликтеп, тергөөдө жаап-жашырылган маанилүү фактыларды аныктадык.

Кол салуу кандай болгон?

Ош шаарындагы «Памир» кафесинде жайгашкан №5316 шайлоо участогуна «Клооптун» оператору Хамидулло Узаков жана журналисти Айбике Адилет кызы саат 13:40 чамасында түз эфир жасоо үчүн барышкан. Узаков түз эфирге чыгууга даярданып жатканда артынан белгисиз киши келип, эч себепсиз мойнуна чаап жиберген. Андан кийин оператордун колундагы смартфонду тартып алууга аракет жасаган. Бирок Узаков бербей койгондо, кол салган бала качып кеткен. Бул окуяга Ош ШИИБинин кызматкерлери да күбө болушкан. Бирок алар белгисиз кишини токтотууга аракет жасаган эмес.

Мындан улам «Клооптун» журналисттери окуя кайталанып калышы мүмкүн экендигин эскертип, милициядан кол салган кишини кармоону талап кылышкан. Анткен менен кайрылууга укук коргоо органдарынын кызматкерлери көңүл кош мамиле жасап, кандайдыр бир аракет көрүшкөн эмес.

— Мага кол көтөрүп жатпайбы, эмнеге кармабайсыз?

— Сага кол көтөрбөй эле досуң окшойт дептирбиз, мындай келсечи.

— Жок, эми айттык кол көтөрдү деп, барып реакция кылбайсыздарбы? Ал кетти да азыр. Бирок эч ким кепилдик бербейт анын кайра келбешине. А сиздер реакция кылыңыздар да барып, ал [оператор] билдирип жатпайбы.

— Биз азыр көрдүк го?

Азыр көрдүңүздөр эми реакция кылыңыздар да барып. Ал [оператор] силерге [ага белгисиз кишилер] кол көтөрүп жатканын айтты. Эмне үчүн анда реакция кылбай турасыздар? Реакция кылып бизге [кол салган жаранды] бүт баарын тактап бериңиздер. Сиздер укук коргоо органдары биз журналисттердин, дегеле жарандардын укуктарын коргошуңуздар керек. Эмне үчүн [кол салып качып кеткен кишинин] артынан барбай жатасыз?

— Мен мына бул жакты караймынбы же кайсыл жакты карайм?

— Жок ал жакта [башка милиция кызматкерлери] бар. Ал сиздин милдетиңиз байке. Жүрүңүз.

Оператор менен журналист болжол менен 20 мүнөттөн кийин кайрадан түз эфирге чыгууга камданышкан. Ошол учурда дагы башка белгисиз киши келип Айбикеге «эмнеге тартып жатасың» деп суроо узаткан. Адилет кызы журналисттик күбөлүгүн көрсөтүп, ага тоскоолдук кылбоону суранган. Хамидулло Узаков болсо түз эфирге чыгып, белгисиз кишиден «биринчи кол салган бала менен чогуу жүрүшкөнүн» көргөнүн айтып, «ал ким жана кайда кетти?» деген суроо салган. Ошол учурда бул бала да оператордун телефонун тартып алып, шайлоо участогун карай чуркап кеткен. Узаков артынан чуркап барганда, ал телефонду участоктун жанында турган аялга карматып жаткан болот. Бул учурда Узаков телефонду өзү тартып алып, түз эфирди улантууга аракет кылган.

Буга күбө болгон Айбике милиционерлерден жардам сураган. Бирок ал кыйкырып жардам сураганынан карабастан милиция журналисттерге тоскоолдук кылгандарды кармаган эмес. Андан кийин белгисиз бала кайра Айбике тарапка келип, анын телефонун тартып алууга аракет кылганда ал каршылык көрсөтүп бербей койгон. Анан кол салган адам шайлоо участогуна кирип кеткен.

Эки киши качып кеткенден кийин гана укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам-тергөө тобун чакырышкан. «Клооптун» журналисттери болсо ыкчам-тергөө тобу келгенде арыз жазып, андан кийин Ош ШИИБиге келип тергөөчүгө сурак да берип, окуянын чоо-жайын айтып беришкен.


«Жогорудагылардын негизинде, менин жана кесиптешим Айбике экөөбүздүн журналисттик ишмердүүлүгүбүзгө кара өзгөйлүк менен тоскоолдук жаратып жана кол салган эки баланы таап, аларга карата мыйзам чегинде чара колдонууну суранабыз», — деп жазган Узаков өз арызында.


Ошол эле күнү арыз жазып келгенден кийин «Клооптун» кызматкерлери жеринде тартылган тасмаларды көрүп чыгып, кол салгандардын бири грэпплинг боюнча мушкер Достук Жолдошов экенин аныкташкан. Андан сырткары ал «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасында иштейт деген маалымат бар экени да белгиленген. Бул тууралуу 4-октябрда Kloop.kg сайтына макала да жарыяланган.

Достук Жолдошов. Сүрөт: Жолдошовдун фейсбук барагынан алынды

Милиция Узаковдун ишин кантип тергеди?

Милиция Узаков менен Адилет кызынын арызын эки башка каттаган. Узаковдун ишинде төрт киши түшүнүк кат жазып берген. Бирок алардын үчөөнүн статусу белгисиз болгон жана алар шайлоо күнү №5316 шайлоо участогунда эмне кылып жүргөнү да түшүнүксүз.

«Болжол менен саат 14:20 чамасында эч кандай ызы-чуу көргөнүбүз жок жана журналисттерге кол салууну көргөн жокпуз», — деп жазып беришкен Адилова, Садикова жана Узакова аттуу аялдар.

Андан сырткары күбө деген статус менен Достук Жолдошов суракка алынганы жазылган. Бирок документтерге ылайык ал түшүнүк кат жазуу менен гана чектелген. Жолдошов сурак токтомунда «жеке ишкер» катары көрсөтүлгөн.

Түшүнүк катты Жолдошов 14-октябрда, окуя болгондон он күн өткөндө жазып берген. Анда спортчу «Памир» кафесине достору менен түштөнүүгө барганын айткан.


«2020-жылдын 4-октябрь күнү саат 13:00дөр чамасында Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө жайгашкан “Памир” кафесине обед кылганы досторум менен баргам. Ал жерде сол тарабында шайлоо жүрүп жатыптыр. Биз ал жерде сыртта турсак бейтааныш адамдар видеого тартып жатыптыр. Мен аларга “тартпагыла” деп кайрылдым, алар болбой тартканда телефонун тартып алып, “тартпагыла” деп түшүндүрүп колдоруна берип койгом», — деп жазган Жолдошов түшүнүк катында.


Ошондой эле ал «байкасам милиция кызматкерлери жүргөн, алар өз кызматын туура жана так аткарып жаткан» деп сөзүн жыйынтыктаган. Башка нерселер тууралуу сөз кылган эмес.

Узаков тергөөчүгө соттук-медициналык эспертизадан өтүүнүн кажети жоктугун, журналисттердин негизги даттануусу алардын ишине тоскоолдук жаратылганы боюнча экенин айткан. Бирок экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен Узаковдун денесинде кандайдыр бир жараат аныкталган эмес.

Тергөөчү Таджиев Узаковдун ишин 31-октябрда кыскартып салганы белгилүү болду. Ал өз токтомунда иштин кыскартылышы Узаковго дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянган. Ошол эле учурда кол салган Жолдошовдун статусу «күбө» деп жазылган. Эки тарапты беттештирүү болгон эмес. Таджиев башка эч кимден сурак алган эмес жана кол салгандардын бирөөнү да тапкан эмес.

Ал эми Адилет кызынын иши учурда ШИИБдин тергөөчүсү Илим Гуламов тарабынан тергелип жатат.

Негатив, плов

«Клооптун» журналисттери Достук Жолдошовдон интервью алуу үчүн үч жума мурда таштанды талаасына барганда, ал иш жеринде жок болуп чыкты. Телефон аркылуу байланышканыбызда интервью берүүдөн баш тарткан. Кийинчерээк «Ош-Тазалык» ишканасынын башчысы Нурбек Исмаиловдон интервью алдык.

Ал өз сөзүндө Жолдошовдун журналисттерге кол салуусу боюнча маалыматы жоктугун жана ишти укук коргоо органдары карап чыгышы керек деген пикирин билдирди. Ошондой эле, ал өзү да жана Жолдошов да шайлоо күнү «Биримдик» партиясы үчүн иштеген эмес деп ишендирди.

«Эгерде ошол күнү мыйзам бузса укук коргоо органдары бар. Ошолорго кайрылыш керек. Алар жооптуу, азыркы мыйзам боюнча КЖБРге түшүрөт ошонун негизинде иш козголот да», — деди Исмаилов.

Исмаилов менен маек кургандан кийин Жолдошов «Клооптун» журналисттеринин суроолоруна телефон аркылуу жооп берди. Ал №5316 шайлоо участогуна «пловго буйрутма берип, тамактанганы баргам» деп белгиледи.


«Ал кафенин ээси менен жакшымын. Ал жердеги участокто мен иштебесем. Ооба, эми ал жерде шайлоо болуп жаткан, бирок мен өзүмдүн жумуштарым менен эле жүргөм да», — деди ал.

Мындан сырткары ал ашкананын жайкы бөлүгү иштеп жаткан дейт. Бирок ал күнү «Памир» кафеси толугу менен иштеген эмес. Бул тууралуу «Клоопко» анын администратору тастыктаган.


Ошондой эле, Жолдошовдун версиясы боюнча, белгисиз адамдар аны видеого тартып жатышкандыктан телефонду тартып алып, түз эфирди өчүрүп кайра кайтарган. Бирок ал телефонду жулуп качкандан кийин аны шайлоо участогунун жанындагы аялдардын бирине берейин деп жатканда оператор өзү анын колунан тартып алган.

Ош шаарындагы "Памир" кафесинде жайгашкан №5316 шайлоо участогу. Сүрөт: "Клооп"

№5316 шайлоо участогунда Жолдошов эмне кылып жүргөн?

Аталган участокто партиялардын биринен байкоочу болгон *Арген журналисттерге интервьюну ачык берүүнү каалаган жок. Ал аты-жөнүн өзгөртүп берүүнү суранды.

Аргендин айтымында, Достук Жолдошов «Биримдик» партиясына таандык бейджик тагынып жүргөн. Ошондой эле, ал бир күн мурда майып адамдардын үйлөрүн кыдырып добуш бердирүү процессине да катышкан. Мындан улам Арген Достукту эстеп калган.

«Шайлоо күнү бир орундукта эч ким отурган эмес. Баары көзөмөлдөп, карап жүрүшкөн, бирок менин байкоомдун негизинде алар алдын ала баарын пландаштырып коюшкан да. Ушул “Биримдикти” шайлайсыңар дегендей кылып коюпчу. Шайлоочулардын жанына да барышкан. Башка байкоочулар деле унчукпай жатышкан биз деле үн чыгарбай отурдук. Эч нерсе кыла албайт окшойбуз деп. Анан беш-алты партия акт жаздык. Шайлоонун аягында актты карайбыз деп сүйлөшкөн элек. Эч кимиси карабай, баары кетип калышкан», — деп түшүндүрдү ал.

Байкоочу Жолдошов жана чымыр денелүү балдар шайлоочулар чыкчу эшиктен адамдарды киргизип шайлатышканын билдирди. Акт жазууга дал ушул көрүнүш себеп болгон дейт.

«Достук жана анын жанындагылар кайра-кайра кирип-чыгып атышкан. Ызы-чуу болгондо “эшиктерди жапкыла” дегенде баарыбыз карап калдык. Эч кимди киргизген жок. Алар болсо эки эшик болгону үчүн бул жактан дагы, аркы жактан деле кирип-чыгып жатышты да», — деди ал.

Ошондой эле, ал «Биримдиктин» байкоочулары «бейджикти алмак-салмак тагып жүрүшкөн» деп белгиледи.

Сол жактан үчүнчү Нурбек Исмаилов жана оң жактан экинчи Достук Жолдошов. Сүрөт: Жолдошовдун фейсбук барагынан алынды

№5316 шайлоо участогунун Аймактык комиссиясынын төрайымы Тамара Савишко Достук Жолдошов «Биримдик» партиясынын өкүлү болгонун тастыктады. Анын айтымында, Жолдошов шайлоо жыйынтыкталганга чейин участокто жүргөн.


«Ал штабдын өкүлү катары бизге келип текшерип жүргөн, тизмелерди көргөн. Ооба, ал келип турган. Бул жерде ал «Биримдиктин» өкүлү катары жүргөн», — деди ал.

Ошондой эле, Савишко шайлоо күнү «Памир» кафеси иштеген жок деп тактоо киргизди. Бул маалыматты чайхананын администратору да «Клоопко» тастыктады. Бирок Жолдошов түшүнүк катында түштөнүүгө келгенин айткан эле.


«Ал штаб үчүн жакын жерде бир бөлмө ижарага алган. Алар азыр деле ошол жакта иштеп жатышат», — деп түшүндүрдү төрайым.

«Клооптун» журналисттери Савишко айтып берген дарек боюнча барды. Бир бөлмөлүү имаратта эки аял жана бир киши иштеп отурган экен. Бөлмөдөгү эмеректерге «Биримдик» партиясынын логотиби жабыштырылган. Ал эми столдун үстүндө президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн үгүт материалдарын көрдүк.

Аялдардын бири бул жер мурда «Биримдиктин», учурда Жапаровдун штабы экенин тастыктаган.

«Биз буга чейинки шайлоодо иштеген эмеспиз. Бул имаратты ким ижарага алганын деле билбейбиз, ал балдар менен көрүшө элекпиз. [...] Биз шайлоого карата өзүбүз жашаган жердеги шайлоочуларды тизмектеп эле отурабыз да», — деген ал.

«Клоопко» интервью берген аял Жолдошовду тааныбастыгын, парламенттик шайлоодо иштебегенин айтканы менен ал шайлоо күнү №5316 участогунда жүргөн.

Муну Kaktus басылмасынын «Клооптун» журналисттерине кол салуудан кийин участоктон жасаган түз эфири тастыктайт. Анда милиционерге көрсөтмө берип жаткан аялдардын бири штабда бизге интервью берген аял болуп чыкты. Түз эфирде Kaktus басылмасынын кабарчысына аялдар журналисттерге кол салууну көрбөгөнүн айтышкан.

Ал эми байкоочулардын бири «Клоопко» бул аялдар шайлоо күнү «Биримдик» үчүн иштеген деп белгиледи.

АШКнын катчысы Алмазбек Маражапов кол салуунун өзүнө эмес, бирок кандайдыр бир ызы-чууга күбө болгонун айтты.

«Мен участоктогу кошумча чыгуу эшигинен чыгып баратканымда, бир кыз [журналист чуркап келген] . Анын артынан дагы беш милиционер келди. Ал эми ага чейин кандайдыр бир эки бала участокко чуркап кирип кетти. Алар кирип эле башка эшиктен чыгып кетишти. Ошондуктан [журналист кыз] мага “Аке карабайсызбы?” деп бакырды. Мен эмне болуп жатканын алгач түшүнбөй эле калдым», — деди ал.

Маражапов өзү укук коргоо органдарына кыйкырганын эстейт. Ал милиционерлерге «бир участокту эптей албайсыңарбы?» деп суроо салганын айтат.

«Кайсы партиянын өкүлү болгондугу бизди эч кызыктырбайт»

Жогоруда аталган фактылар боюнча «Клооп» Ош ШИИБиден комментарий алууга аракет жасады. Башкармалыктын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, Жолдошовдун ким болуп, кайсыл жерде иштегени, кайсы бир партиянын өкүлү катары иштегени тергөөдө мааниге ээ эмес.

«Кол салган жаран кайсыл жерде иштейт, канча баласы бар, аялы ким аты-жөнү ким ал тергөө ишин кызыктырбашы керек. Тергөө ушундай жыйынтык чыгарды. Арыз болсо даттануу болсо жогорку инстанцияларга кайрылыш керек. Ал эми анын өздүгү, иштеген кесиби тергөөдө негизги ролду ойнобойт. Кайсы партиянын өкүлү болгондугу бизди эч кызыктырбайт», — деди Сыдыков.

Бул комментарийден кийин Жолдошовдун милицияга сурак берип жатканда «плов» жегени баргам деп « жалган көрсөтмө бергени да Ош ШИИБини кызыктырбайт» деген түшүнүк жаралат.

Ошондой эле, Сыдыков «эмнеге беттештирүү болгон эмес» деген суроого «тергөө кызматы өзү чечет» деп жооп берди. Ош ШИИБден шайлоо күнү журналисттерге болгон кол салууга күбө болуп, бирок чара көрбөгөн милиционерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды деп ишендиришкен.

Бирок анын жыйынтыгы боюнча ИИМден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Министрликтин басма сөз катчысы маалымат такталып жатканын билдирди.

Замир Сыдыков

«Клооп» биринчи кол салган баланы да тапты

«Клооп» оператор Хамидулло Узаковго Жолдошовдон мурда кол салган баланы да тапты — анын жүзү телефонду тартып алууга аракет кылып жаткан учурда камерага түшүп калган.

«Клооп» белгисиз кишини табуу үчүн жергиликтүү спортчуларга кайрылып, сүрөтүн көрсөтүп көрдү. Дээрлик үч айдан кийин камерага түшүп калган киши грэпплинг менен машыгып жүргөн спортчу Манас Алмаматов экени аныкталды.

Алмаматов фейсбуктагы баракчасында Ош аэропортунда иштегенин белгилеген. Маалыматты Ош аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады, ошондой эле муну анын башка кызматкерлер менен чогуу сыйлык алгандыгы тууралуу аэропорттун сайтында жарыяланган маалымат жана иш ордунан түшкөн сүрөттөрү тастыктайт.

Манас Алмаматов. Скриншот "Клооптун" тасмасынан жасалды. Сүрөт: Манас Алмаматовдун фейсбук барагынан алынды

Журналисттер Жолдошов телефонду алып качаардан мурда, андан Алмаматовду таанып-тааныбастыгы тууралуу сурашкан — анткени оператор кол салууларга чейин экөөнүн чогуу сыртта турганын көргөн. Жолдошов Алмаматовду тааныбай турганын айтып, телефонду тартып алып качып кеткен.

Ал эми Инстаграмда Алмаматов Жолдошовго катталган, ошондой эле анын Фейсбук баракчасында алардын машыгуу залында чогуу түшкөн сүрөтү бар.

«Клооп» Манас Алмаматов менен байланышты. Ал өзү журналисттерге кол салганын четке кагууда. Анын айтымында, ал шайлоо күнү №5316 шайлоо участогунда кайсы бир партияга иштеген эмес, жөн гана жанынан өтүп бараткан.

«“Глобустун” жанында мойка бар. Мойкага дайыма эле барам. Ал күнү да мойкага машина таштап келе жаткам. Алдымдан бирөө камерага тартып жаткан. Анан “неге тартып жатасың” деп камерага колумду көтөрүп тосуп өтүп кеткем. Журналист экенин билбептирмин. Журналисттер бейджик менен жүрөт го», — деп түшүндүрдү Алмаматов.

Бирок Узаков Алмаматов жакты тарткан эмес, ал шайлоо участогунун сыртын тартып жаткан. Андан сырткары Узаков да, Адилет кызы да бейджик тагынып жүрүшкөн. Муну тасмага түшүп калган кадрлар тастыктап бере алат.

Достук Жолдошов, Нурбек Исмаилов жана Манас Алмаматов. Сүрөт: Манас Алмаматовдун фейсбук барагынан алынды

Ошондой эле, Алмаматов Достук Жолдошовду тааный турганын тастыктады, бирок аны менен «мамилем жок» деп билдирди. Анткен менен журналисттердин суроолоруна жооп берип Достукту «ака» деп атады.

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков 4-октябрда окуяга тишеси бар бир жаран милицияга алынып келингенин айткан. Өз көрсөтмөсүндө аталган жаран «менден уруксат сурабастан мага чагым кылып видеого тартты. Эч кандай журналист экенин билген жокмун. Бейджик жана жилети жок болчу деген. Бирок аты-жөнүн ачыктаган эмес.

Узаковдун ишинде бир гана Достук Жолдошов суракка чакырылган. Ал эми Алмаматовдун аты иште аталган эмес. Бирок Жолдошов көрсөтмөсүндө «чагым же бейджик» тууралуу сөз кылбайт.

«Клооп» иш боюнча сотко кайрылды

Ош ШИИБи оператор Хамидулло Узаковдун арызы боюнча ишти кыскартып салгандан соң «Клооп» бул боюнча тергөөчүнүн үстүнөн шаардык прокуратурага кайрылган. Бирок прокуратура арызды кабыл алган жок. «Клооп Медиа» коомдук фонду сотко даттануу үчүн документтерди даярдап жатат.

Ал эми иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков бийликтин таламын талашкан мушкерлер жазасыз калаарын билген үчүн да журналисттерге кол салуу орун алып жатат деген пикирде. Мунун себебин ал «Кыргызстанда күч структуралары, көзөмөл, укук коргоо органдары, ошол эле сот органдары саясий курал болуп калган» деп негиздеди.


«“Биримдиктин” таламын талашкан спортчуларга эч кандай жаза колдонулбайт, аларга бардык жерде жашыл чырак жанып, кылган кылмыштарына көз жумулат. А эгерде башкалардан кылт эткен ката кетсе, алар кечирилбейт. Мына ушул эреже менен жашап келе жатабыз да азыр», — деди ал.


«Клооп» Ош мэриясына кайрылып, полигондун башчысы Достук Жолдошовдун журналисттердин ишине тоскоолдук кылып, кол салуусу боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүнү жана анын кызмат учурунда «Биримдик» партиясы үчүн иштегени боюнча да чара колдонууну суранган.

Мэриянын басма сөз кызматынан иликтөө чыгаар алдында Жолдошов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын жана «Ош-Тазалыктын» жетекчиси Нурбек Исмаилов арызды кабыл алганын билдиришти. Мэриядан Жолдошовдун кызматтан кетишине журналисттерге кол салуу боюнча кайрылуу себеп болгон дешти.

«Биз мэрия чечим чыгара албайт экенбиз. Мындан улам ишкананын жетекчиси чечим кабыл алып, бүгүн жумуштан чыкты. Нурбек Исмаилов экөө сүйлөшкөндөн кийин өз арызынын негизинде кетти», — деп түшүндүрдү мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров.

Анткен менен расмий түрдө Жолдошовго чара колдонулган эмес, ал өз арызынын негизинде иштен алынган.

Достук Жолдошов жана Нурбек Исмаилов. Сүрөт: Жолдошовдун фейсбук барагынан алынды

Достук Жолдошов жана Нурбек Исмаилов

Достук Жолдошов — 1990-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 2002-жылы эркин күрөш менен машыга баштаган. Мектепти аяктап Москвага кеткен. Студент болуп жүргөндө дзюдо жана самбо менен да машыккан. 2015-жылы Жолдошов грэпплингге кызыгып жана эрежесиз эр уруш боюнча мушкер катары белгиленет. Аны «Кличко» каймана аты менен таанымал эрежесиз эр уруш мушкери, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов машыктырып келет. 2020-жылга чейин көптөгөн жарыштарга катышып, байгелүү орундарды алган.

Интервьюлардын биринде Жолдошов аны спортто грэпплинг боюнча федерациянын президенти Тынчтык Сулайманов да каржылап турарын билдирген. Сулайманов — Уулкан Тургунованын бир тууган иниси. Тургунова — экс-бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовдун жубайы.

Жолдошовду «Ош-Тазалыкка» өзүнүн тренери, ММА боюнча мушкер Нурбек Исмаилов алып келген. Исмаиловдун аталган кызматка келиши нааразычылык менен коштолгон.

Анткени ал 2017-жылкы президенттик шайлоодо дал ушул №5316 шайлоо участогунда «Адыгине» спорт клубунун машыгуучулары менен бирге журналисттерди сабоого айыпталган. Ал кезде шайлоо участогу «Памир» кафесинин жанындагы «Нооруз» кафесинде жайгашкан болчу.

Жабырлануучулардын бири «Клооптун» ошол кездеги журналисти Бегимай Бекболотова Исмаиловдун жоопко тартылышын талап кылып Ош ШИИБиге арыз да жазган. Бирок иш сотко жеткен эмес.

«Акипресстин» журналисти Бекмамат Абдималик уулу болсо Исмаилов кызматка дайындалганда «Азаттыкка» буларды айтып берген.

«Ошол учурда Исмаилов колумдагы камераны жулуп алып, мени имараттын аркасына сүйрөп барды. Муунтуп, "көмүп салам" деп коркутту. Ал жолумду бууп турган учурда артымдан ар ким келип тепкилеп атышты. Ачык айтканда, чөөлөрдөй эле кол салышкан. Нурбек Исмаилов оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Эми ошол жигиттин жетекчилик кызматка келгени мени абдан иренжитти», — деген ал.

Исмаилов жана Жолдошов Ош шаардык кеңешине өтчү шайлоого «Биримдик» партиясынан талапкерлигин коюшкан. Ал эми 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында Исмаилов жана башка муниципалдык кызматкерлер партиянын штабында бир нече жолу байкалган.

Жолдошов дагы «Ош-Тазалыктын» төрт кызматкери менен биргеликте №5316 шайлоо участогуна Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлер катары катталган болчу.

Ал эми Нурбек Исмаилов өзү добуш берген №5325 участокко да «Ош-Тазалыктын» беш кызматкери участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкер катары катталган экен.

Ал эми 4-октябрдагы шайлоодо «Ош-Тазалыктын» Самат Артыков аттуу кызматкери №5316 шайлоо участогунда комиссиянын мүчөсү болгон. Ал эми №5325 участокто «Ош-Тазалыктын» беш кызматери тең Аймактык шайлоо комиссиясында иштеген. Алар: Катчы Нулифар Тюленбаева, АСУ боюнча операторлор Бек Жапаркул уулу, Кубаныч Акимбаев жана комиссия мүчөлөрү Мирлан Дүйшөнали уулу, Базаргүл Сарыбашева.


«Кактус» басылмасынын журналисти Марат Уралиев шайлоо күнү №5325 участогунан түз эфир жасаган. Тасмада Уралиев белгисиз киши эмнеге урнанын жанында отурганы таң калганы көрүнүп турат. Анткени бул шайлоонун купуялуулугунан шек жаратат. АШКнын төрайымы журналистке ал киши шайлоочулар бюллетендерди бүктөп албашы үчүн «түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат» деп ишендирген.

«Биримдик» партиясы жана Ош мэриясында иштеген мушкерлер

Бекдөөлөт Абакиров, Кылыч Саркарбаев, Нурбек Исмаилов, Талант Капаров

«Биримдик» партиясынан Ош шаардык кеңешине өтчү шайлоого көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер талапкер болгон.

Алардын арасында «Жапалак» унаа базарынын мурдагы директору Бекдөөлөт Абакиров бар. Ал күрөш боюнча спорт чебери. Абакиров шайлоодон кийин Ош шаарында өткөн митингде мэр Таалайбек Сарыбашовду жандап жүргөн болчу.

Ошол кезде шаардык кеңештин депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, аянтта чогулгандардын айрымдары Сарыбашовдун отставкасын талап кылышкан. Анда «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялап, ал эми Сарыбашов кызматын тапшырганы айтылган.

Ал эми анын эртеси, 7-октябрда, Сарыбашовдун колдоочулары аянтка чогулуп, анын өз кызматында калуусун талап кылышкан. Ошол учурда Сарыбашов бир топ спортсмендер менен аянтка келип, мэрияга сүрүп киришкен. Кийинчерээк ал өз ордунда калганы айтылган.

Абакиров 23-декабрда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Аталган комитетти буга чейин эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Кылыч Саркарбаев жетектеген. Ал Женго каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе экени айтылат.

Ал эми 2020-жылдын февраль айында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу фейсбуктан эск-президент Сооронбай Жээнбековго жана коомчулукка видео-кайрылуу жасап, Саркарбаев аны бутка тапанча менен атканын айткан.

Мындан сырткары, ал Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген. 17-декабрда Саркарбаев жасалма паспорт алууга шектелип, эки айга камакка алынган.

Ошондой эле «Биримдиктен» 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Ош автотранспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Талант Капаров да талапкер болгон. Капаров да эрежесиз эр уруш мушкери, ошондой эле ал ММА федерациясынын президенти болуп дайындалган. Исмаиловго чейин «Ош-Тазалыкты» жетектеп турган, ага чейин Ош шаардык кеңешинде депутат болгон.

Бишкек, 5-октябрь. Сүрөт: "Клооп"

Шайлоо, митинг, Жээнбековдун отставкасы

4-октябрдагы шайлоодо алдын ала жыйынтыктар боюнча алдыңкы орундарды бийликчил делген «Биримдик» жана Матраимовдордун кланына байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиялары алган.

Журналисттерге кол салуу болгон №5316 шайлоо участогунда «Биримдик», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары эң көп добуш алышкан — 819, 207 жана 166 добуш.

Бирок эртеси күнү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер мөөнөтсүз митингге чыккан. Алар шайлоо таза эмес, добуш сатып алуулар жана административдик ресурсту колдонуу менен өткөнүн, ошондой эле форма №2 боюнча жапырт каттатуулар орун алганын билдиришип, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынып, абактан бир катар саясатчылар бошотулган. Анын ичинде президенттикке талапкер Садыр Жапаров да бар. Алардын айрымдагы кайра абакка кайтса, кээ бирлеринин иши Жогорку сот тарабынан кайра карого жөнөтүлгөн.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун жана анын тарапташтарынын «отставкага кетүү» тууралуу талабынан кийин кызматтан кеткен. Өз чечимин Жээнбеков «Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт» деп негиздеген. Анткени ошол күнү Жапаровдун тарапташтары президенттик резиденциянын жанында топтолуп, Жээнбековдун отставкасын талап кылышкан.

Иликтөөнүн авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы, Хамидулло Узаков.