Өкмөттүн басма сөз кызматы Жерүй кениндеги алтынды бөлүп алуучу фабрика 2021-жылды кыш аяктары менен иштеп баштарын билдирди.
Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле Талас облусунун жашоочуларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду. Новиков өкмөт «ишкананын иштөөсүнө колдон келишинче колдоо көрсөтө турганын убадалады».
«Кыштын соңуна чейин фабрика алтындын алгачкы куймасын өндүрөт деп ишенем. Өз кезегинде компания мурда алынган милдетенмелердин бардыгын аткарат», — деп билдирди Новиков.
Ал ошондой эле, инвесторлор жергиликтүү эл менен сүйлөшүүнү жакшыртып, ошол аймакка бөлүнүүчү каражаттар боюнча ачык-айкын отчет берүү зарылчылыгын баса белгиледи.
«Дагы бир маанилүү маселе – бул продукцияны өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү. Кеп тамак-аш продуктулары гана эмес, өнөр-жай ишканаларынын продукциялары тууралуу да жүрүүдө. Ишкана жергиликтүү өндүрүлгөн продукцияларды максималдуу колдонушу керек. Бул эки нерсе эриш-аркак жүрүшү керек», — деп белгиледи аткаминер.
Новиков кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптарды сактоо маселесине басым жасады жана көзкарандысыз чет элдик эксперттер тарабынан жергиликтүү активисттердин катышуусунда уулу калдык сактоочу жайдын курулушуна талдоо жүргүзүүнү тапшырды.
Жерүй кениндеги иштин токтошу
Завод 2020-жылдын 6-октябрынан бери иштебей турат. Борбор калаада бийлик алмашып, башаламандыктар болуп турганда, аймактарда белгисиз адамдар Жерүй алтын кенине кирип барып, ал жактагы мүлктөрдү тоноп башташкан. Алар андан соң компаниянын бир имаратын өрттөп, кампаны талап-тоноп, бир унаанын терезелерин чагып салышкан.
Жерүйгө болгон кол салуудан 15 млн доллар чыгым келтирилген. Милиция ишканадагы башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок азырынча башаламандыктарды кимдер уюштурганы тууралуу маалымат жок.
Премьер-министрдин жана президенттин м.а. болуп келген Садыр Жапаров Жерүй жана башка кендердеги тополоңдор өкүнүчтүү экенин айткан, себеп дегенде бул экономикалык кризисти күчөткөн. Анткен менен Жапаров тополоңго жана чоочун мүлктү талкалоого катышкан айылдыктарды коргоого алган.
«Алар жергиликтүү калк менен кызматташууye каалабагандыктан, ошондой эле аймактагы экологиялык маселелер боюнча эл аралык талаптар сакталбаганы үчүн ушундай аракеттерге барышкан», — деди ал, бирок кыргызстандыктардан мындай кылбоону суранып, инвесторлорду коргоорун билдирген.
Кийинчерек таластыктардын өкүлү инвесторлорго талап койгон: кенди иштетүүдөн түшкөн үлүштүн 50%ын аларга, же мамлекетке берүү жана иш шартын кайра карап чыгуу. Алар инвесторлорго шарттарга көнүү үчүн «Жаңы жылга чейин» убакыт беришкен.
Жерүйдүн тарыхы
Жерүй — алтын кени Талас облусунда жайгашкан, алтындын запасы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат. Жерүй кенинде 80-96 тонна алтын жана 10-13 тонна күмүштүн запасы бар деп бааланып келет.
Кенди иштетүү үчүн лицензияга казакстандык «Visor» компаниясынын курамына кирген «Жерүйалтын» ЖАК ээлик кылган. Бирок 2010-жылы Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтыргандан кийин документ жокко чыгарылып, «Visor» эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, кен иштетүү укугун кайтарып алууга аракет кылганына карабай, алтын кени сатыкка коюлган.
Кен иштетүүгө үч компания талапкер болгон: Кыргызстандын «Кыргызалтын» ишканасы, Орусиянын «Алданзолото ГРК» жана «Восток-геолдобыча» ишканасы. Уткан компания кен гана иштетпестен, «Visor» компаниясына келтирилген чыгымдын ордун толтуруп бериши керек болчу: казакстандык инвесторлор 548 млн долларлык доосу менен Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго кайрылышкан.
Чоңдугу боюнча дүйнөдөгү үчүнчү алтын казуучу «Полюс Голд» компаниясына таандык болгон «Алданзолото ГРК» инвестициялык тобокелди жана объекттин өзүн баалап, конкурска катышуудан баш тарткан. Жерүйдү иштетүү укугун 2015-жылы Муса Бажаевге таандык «Русская платинанын» туунду компаниясы «Восток-геолдобыча» утуп алган.
Бирок ишти баштоого дароо эле мүмкүн болгон эмес: экологиянын бузулушуна кабатыр болгон таластыктар бир нече ай бою кенди иштетүүгө каршы митингге чыгышкан. Нааразылык акциясына «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү, анын ичинде Төрөхан Жунусбеков [2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин «Мегакомдун» башкы директорунун кеңешчиси болгон] дагы катышкан.
Жунусбеков Таластын эли кендин иштетилишине «эч качан уруксат бербестигин» билдирген.«Кыргыз өкмөтү Жерүйдү 2007-жылы саткан, ошондо ал кезде премьер-министр болуп турган Алмазбек Атамбаев Таласка түшүндүрүү иштери менен келген, бирок таластыктар аны таш менен тосуп алган. Таластын жашоочулары таш менен унаасынын айнектерин талкалап, ошондо эле конкреттүү позициясын көрсөткөн», — деп түшүндүргөн Жунусбеков.
2015-жылдын жай айларынын аягында «Visor» менен «Восток-геолдобыча» тынчтык келишимин түзүп, казакстандык мурдагы инвесторлор доосунан баш тартышкан. «Восток-геолдобычанын» кыргыз туунду «Альянс Алтын» компаниясы ишти баштап, алтын өндүрүүчү фабриканы куруш үчүн Германиянын Engineering Dobersek GmbH компаниясын тарткан.
2019-жылдын ноябрь айында 300 млн АКШ доллар салынып, фабрикада алгачкы тоо иштери башталган. Жерүй бюджетке жыл сайын 600 млн АКШ долларын төгүп турары күтүлгөн, ошондой эле объектке Казакстандагы ушундай ишканаларда үйрөнүп келген таластыктар тартылган. 2021-жылы фабрика толук иштеп калышы керек эле, бирок ал орундалган жок.