Өткөн суткада коронавирустун жаңы 165 учуру катталды, эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 8-январда коронавирустун жаңы 165 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 95инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 70инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 77;

Чүй облусу — 21;

Ысык-Көл облусу — 24;

Жалал-Абад облусу — 17;

Ош облусу — 16;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 81 991ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 27 224. Ал эми Чүй облусунда — 11 758, Ош облусунда — 8 301, Жалал-Абадда — 9 844, Ысык-Көлдө — 7 334, Ош шаарында — 5 531, Баткенде — 7 149, Нарын облусунда — 2 289 жана Талас облусунда — 2 561 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 514.

Ошондой эле, акыркы суткада 171 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 46, Чүй облусунда — 45, Жалал-Абад облусунда — 12, Ош облусунда — 12, Ош шаарында — 14, Баткен облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 26, Нарын облусунда — 1, Талас облусунда — 9 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 77 547 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 887 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 57 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 266 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан жана Баткен облусунан — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 365 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча жети медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — эки, Жалал-Абад облусунан — үч, Ош жана Талас облусунан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада сегиз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 141ге жетти, анын ичинен 3 983 медкызматкер илдеттен айыкты.