БШК адистери: Шайлоо участкаларындагы электрондук ураналардын бузулушу – адамдык фактор

Бүгүн 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Шайлоо участкалары ачылгандан тартып жалпы өлкө боюнча байкоочулар жана шайлоочулар автоматташтырылган электрондук урналар (АСУ) иштебей калган участкалар көп экенин айтышууда.

Айрым участкаларда электрондук урналарды салттуу тунук урнага алмаштырышкан, айрым жерлерде шайлоочулар бюллетенди колдоруна кармап, урна оңдолгуча күтүп калышкан.

Жарактан чыккан урналар үчүн УШК мүчөлөрү эки түрдүү бюллетендерди бир урнага салууга аргасыз болуп, «Шайлоо жөнүндөгү» жана «Референдум жөнүндөгү» мыйзамдарды бузган.

Мисалы, Оштогу № 5304 участкасында президенттик шайлоо үчүн АСУ 10 мүнөткө жакын иштебей турган. Байкоочу Алтынай Галиева билдиргендей, УШК мүчөлөрү бюллетендерди референдум үчүн урнага салууну сунуш кылган. Байкоочулар мындай чечимге каршы экенин айтышкан. Бир аздан соң АСУ кайрадан иштей баштаган.

Каракол шаарындагы № 3147 участкасында саат 9:40та референдум үчүн электрондук урна 45 мүнөткө чейин иштебей турган. 13 шайлоочу оңдолгуча күтүүдөн баш тартып, бюллетендерин УШК төрагасына калтырып кеткен.

Айрым участкаларда сууктан жана электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн урналар иштебей калган.

БШК адистери көп учурда АСУнун иштебей калышына адамдык фактор себеп болгон деп билдиришкен.

Алардын айтымында, АСУ иштебей калгандыгы тууралуу кабар келип түшөр замат участкага келип себептерин изилдеп жатышат.

Мындай чакыруулардын биринде, АСУга туура эмес чапталган таблицалардан улам кыйынчылык жаралган — УШК мүчөлөрү президенттикке талапкерлер үчүн добуш берген урна менен референдум үчүн урнаны алмаштырып алышкан.

«Эгерде урна президенттикке талапкерлер үчүн болсо референдумга добуш берилген урнаны кабыл албайт. Же тескерисинче. УШК мүчөлөрү табличканы алмаштырган соң кадимкидей эле иштеп баштайт. Кыйынчылыктар кадимки эле тартип эрежелери сакталбагандыктан келип чыгууда», — дешти БШКдан.

Адистер Бишкек жана Сокулуктагы чакырууларга чыгып жатканын белгилешти, андан тышкары аймактарда дагы адистер бар. Ар бир АШКда системдик администратор жана техникалык адистер бар.

«УШК мүчөлөрү АСУ иштебей калган учурда кимге кайрылууну билишет. Бирок өздөрүн жоготуп же телефондорун унутуп коюп жатышат», – дешет алар.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов техникалык топтор участкаларга барып жатканын, айрым электрондук урналарды оңдоп, ишке киргизүүгө мүмкүн болгонун, айрым жерлерде жөнөкөй урнага добуш берүүгө аргасыз экенин белгилеген. Бирок мындай мүчүлүштүктөр добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпей турганына ишендирген.