Шайлоо-2021. Аймактарда автоматтык урналар иштен чыгууда

Кыргызстанда 10-январда презденттик шайлоо жана өлкөднүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүүдө. Аймактардагы шайлоо участокторундагы байкоочулар автоматтык эсептөөчү урналар иштен чыгып жатканын кабарлап жатышат.

Каракол — №3147

«Клооптун» көз карандысыз байкоочусу Наргиза Максатова аталган шайлоо участогу ачылгандан тарта, саат 8:15де, урна иштебей калганын кабарлады. Урна 10 мүнөттөн кийин оңдолуп, кайра ишке кирген.

Бишкек — №1021

«Клооптун» дагы бир байкоочусу Айданек Таалайбек №1021 участогунда эрте мененки саат 7:00ден тарта автоматтык урналар иштебегенин кабарлады. Шайлоо комиссиясы урналар «сууктан улам» иштебей калганын билдиришкен.

Бишкек — №1059

«Кактус» басылмасы Бишкектеги «Ак-Ордо» конушунда автоматтык урналар жөнөкөй урналарга алмашылганын кабарлады. Мындан сырткары шайлоочулар президенттик шайлоо жана референдум боюнча бюллетендерди бир урнага ташташкан. Кийинчерээк ал жерге референдум үчүн экинчи урна коюлган.

Талас — №6113

«Клооптун» Талас шаарындагы байкоочусу Бакыт Сыдыков шайлоо учасогу ачылгандан тарта референдум үчүн автоматтык урналар иштебей жатканын кабарлады. Мындан сырткары шайлоо комиссиянын мүчөлөрү бюллетендерди урнага салууга жардам берип жатышат — бул добуш берүүнүн купуялуулугун бузат.

Бишкек — №1046

Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова фейсбук баракчасында Бишкектеги №1046 шайлоо участогунда автоматтык урналар иштебей калып, шайлоочулар бюллетендерди жөнөкөй урналарга таштап жатканын жазып чыкты.

Чүй — №7235

«Клооптун» байкоочусу Чолпон Рахманбек кызы Чүй облусунун Сокулук районундагы шайлоо участогунда саат 8:10-8:30 убакыт аралыгында автоматтык урналалар иштебегенин кабарлады. Мындан улам эки шайлоочу «бюллетендерди жерге таштап коюп», бюллетендерди урнага милиция кызматкерлери ташташкан.

Анткен менен АШКнын мүчөлөрү бузуу болбогонун айтышууда, себеби «шайлоочулар кимге добуш бергени көрүнгөн эмес».

Ош — №5555

Оштогу бузулган электрондук урна оңдоо үчүн жарым саатка мэрияга жиберилди. Кошумча урналар жок болгондуктан шайлоочулар бюллетендерди отургучтун үстүнө коюшкан. Ал жерде 13төй бюллетень чогулган.

Аталган участокто Оштун мэри добуш берип чыкты, ал эми участоктун төрайымы буга чейин журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоол жаратууга аракеттенди.

Ош — №5349

Ош облусунун Октябрь айылындагы шайлоо участогунда урналар 10 мүнөткө иштебей калган. Анткен менен АШКнын мүчөлөрү урнаны алмаштырбай, ордунда оңдоого аракеттенген. Мындан сырткары кызматкерлер шайлоо купуялыгын бузуп, бюллетенди салууга катышышкан.

Нарын — №4067

«Клооптун» байкоочусу Жамила Арипова Нарын шаарындагы №4067 участогунда саат 9:00-10:00 убакыт аралыгында электрондук урналар иштебей калганын кабарлады.

Бишкек — №1033

Бишкектеги «Арча-Бешик» конушундагы шайлоо участогунда урна бузулуп, шайлоочулар бюллетенди жөнөкөй урналарга таштоодо.

Чүй — №7213

Чүй облусунун Сокулук районундагы дагы бир шайлоо учасогунда автоматтык эсептөөчү урна жарым сааттай иштебей калган. Ал убакытта шайлоочулар бюллетендерди урнанын жанына эле чогултушкан.

Каракол — №3147

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында саат 9:40та референдум үчүн урналар иштебей калгандыктан, шайлоочулар бюллетендерини №3147 участогунун төрагасына калтырып кетишкен.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев «Азаттыкка» калаадагы участоктордо «сууктан улам» жети урна иштебей калганын маалымдады.