Каныбек Иманалиев Клара Сооронкуловага добуш бергенин айтты

Каныбек Иманалиев. Сүрөт Иманалиевдин фейсбук баракчасынан алынды. 

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев шайлоодо атаандашы Клара Сооронкуловага добуш берди.

«Кыргыздар илгертеден аял кишиге сый мамиле кылышкан. 17 жигиттин арасында жалгыз айым болсо, өзүңө-өзүң добуш бергендигиң эркекчиликке жатпайт. Мен кыргыз аял затына, Клара Сооронкуловага добуш бердим», — деген ал.

Иманалиев Бишкек шаарындагы №3811 шайлоо участогунда шайлады. Ошондой эле, ал парламенттик башкарууга добуш бергендигин кошумчалады.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат. Ошондой эле кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашат же баарына каршы добуш бере алышат.