Ош: №5551 участогунун ичи суук болгондуктан башка жерге жылдырылды

Сүрөт: Марат Уралиев / «Кактус» басылмасы

Ош шаарындагы «Нихол» дүкөнүндө жайгашкан №5551 участогун башка жерге жылдырууга туура келди. Бул тууралуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Асылбек Жолдошев «Кактус» басылмасына билдирди.

Жолдошев алар шайлоо участогун жылыта албагандыктан автоматтык эсептөөчү үкөктөр иштебей калганын белгиледи. Анын айтымында, үкөктөр 18 градустан төмөн температурада иштей албайт.

«Бүгүн эртең мененки саат 8:30да урналар сууктан улам иштебей калды, биз Оштун АШКсынан техниктерди чакырдык — алар баарын оңдошту. 8:30га чейинки добуштар сакталып, АШК тарабынан эсепке алынды», — деди Жолдошев.

Ошондой эле Жолдошев бир нече күн мурун бөлмөгө меш коюп, көмүр жакканы менен бул жардам бербегенин кошумчалады.

Мындан сырткары өлкөнүн башка аймактарында дагы электрондук урналар сууктан улам иштебей калууда. Участкалык комиссиянын мүчөлөрү участокторго жылыткычтарды коюп, урналарды полиэтилен менен курчоого аргасыз болушкан.

Ош шаарында жалпысынан 151 115 шайлоочу бар. Саат 12:00го карата 21 324 киши президенттик шайлоого, 21 260 шайлоочу референдумга добуш беришти.