Өзгөндө урналарды полиэтилен менен курчап, жылыткыч менен ысытып жатышат

Өзгөн шаарындагы №5066 шайлоо участкасында урналардын айланасын полиэтилен менен курчашты. Ошондой эле урналардын жанына жылытуучу электр меши коюлган.

Соцтармактарда тараган видеодон курчалган урнанын ичинде добуш берүү купуялуулугу бузулганы байкалат. Анткени урнанын жанында бир нече кишини көрүүгө болот. Тасманын автору болсо шайлоочуларга аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетень салууга жардам берип жатышканын айткан.

«Урнанын жанына адистер [УШКнын кызматкерлери] кирип алып жүрүшөт. Бюллетендерди кармашып...», — деген ал.

Автор урнанын жанындагы кишилерден «эмнеге бюллетендерди кармап жатканын» сураганда, алар муну мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүшкөн.

«Урнага кетпей калып жатат да. Ошондуктан кармап салып жатышат», — деген ал.

Буга чейин Кыргызстандын ар кайсы аймактарында электрондук урналар иштебей калган учурлар катталды. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айтымында, буга УШКнын бөлмөлөрүнүн ичи суук болуп жатканы себеп болуп жатат.