Шайлоо-2021. Баткендеги №8073 участогунда автоматтык үкөк иштебей калды

Баткен шаарындагы №8073 участогу

«Клооптун» Баткен шаарындагы байкоочусу №8073 шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урна иштебей калганын кабарлады. Анын айтымында, урна дээрлик бир сааттан бери иштебей жатканына байланыштуу, ал жерде көптөгөн шайлоочулардан турган кезек пайда болгон.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочулардын жанында турат — бул шайлоонун купуялыгынан шек жаратат. Кийинчерээк комиссиянын мүчөлөрү башка урнаны коюшкан.

Баткен облусунда жалпысынан 297 264 шайлоочу бар. Саат 12:00го карата 26 788 киши президенттик шайлоого жана 29 032 шайлоочу референдумга добуш беришти — шайлоочулардын 9 пайыздан ашууну шайлоо укугун пайдаланган.

Буга чейин Кыргызстандын ар кайсы аймактарында электрондук үкөктөр иштебей калган учурлар катталды. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айтымында, жабдыктар «сууктан улам» иштебей калып жатат.