39,75%


Шайлоодо элдин ушунча пайызы добуш берди.

Референдумда шайлоочулардын 39,88%ы добуш берди. Шайлоого катышкандардын саны 30%дан ашкандыктан, референдум өттү деп эсептелет. Добуш бергендердин көпчүлүгү президенттик башкаруу формасын тандаган.

Референдумда 1 421 033 шайлоочу добуш берсе, президенттик шайлоодо 1 416 485 жаран добуш берди.

Президентти шайлоо үчүн добуш берүүгө келгендердин саны мааниге ээ эмес — канча адам катышпасын шайлоо баары бир өттү деп эсептелмек. Колдонуудагы мыйзамга ылайык, жада калса шайлоого бир эле адам келсе дагы президенттик шайлоо өттү деп таанылат.

Шайлоого катышкандардын азайышы 6,5 миллиондук Кыргызстандын тагдырын барган сайын аз адамдар аныктай башташына алып келиши мүмкүн.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров жеңишке жетти. Анын инаугурациясы качан өтөөрү шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин белгилүү болот, бирок, Жапаров атаандаштарын чоң ажырым менен артта калтырганын эске алганда, ал баары-бир деле жеңүүчү болууда.

Талдоо: Шайлоодо добуш бергендердин саны кантип азайып, талапкерлер аз добуш ала баштады?